Шаирбек Маматокторов: «Акылбек Жапаров экономиканы алдыга жылдыра албайт, реформатор эмес»
-- Акылбек Жапаровдун өкмөт башчылыкка келишин канчалык туура кадам болот деп ойлойсуз?
-- Жаңы бийлик деген аты эле болбосо, эски эле адамдардын келип жатканы өкүндүрөт. Эгерде ал адам кыргыз экономикасын жакшыртып жибере турган болсо, ашык-кеми жок 30 жылдан бери саясатта жүрөт, өзүн эбак көрсөтүш керек эле. Азыр кадрдык көйгөй, таңкыстык бар. Өкмөт башчылыкка жакшы кадрлар жок болгондуктан Акылбек Жапаровду алып келгени жатышат. Орун алмаштыруулар Конституциянын өзгөрүшүнө да байланыштуу. Бирок, ал киши деле эч нерсе чечпейт. Себеби, чын-чынында өкмөт башына ким келсе деле министрлер кабинетин чындап башкарбайт, баардык нерсеге президент өзү көз сала турганы белгилүү. Ошондуктан Акылбек Жапаров формалдуу түрдө гана өкмөт башчы катары эсептелиши мүмкүн. Ошол эле кезде администрациянын жетекчиси болуп калат. Демек, баардык нерсе Акылбек Жапаровго эмес, президенттин кадрдык, экономикалык жактан жүргүзгөн саясатына гана байланыштуу...
-- Экономика жана каржы министрлиги финансы жаатындагы чоң мекеме, балким ордунда калып иштегени пайдалуу болот беле?
-- Акылбек Жапаров кыргыз экономикасын алдыга жылдырган реформатарлардын катарына кирбейт. Ал кызматка түзүгүрөөк башка кадрды дайындашса болмок, бирок айтып жатам го, бул жааттан куржалпыз. Президент деле жакшы адамды койгусу келсе керек, анткен менен бүгүнкү күндө колунан иш келген, реалдуу секторду өнүктүрүп жибере турган күчтүү экономист, реформатор премьер-министрибиз жок. Ошондуктан ал жакта иштеп жаткан, болгон кадрлардын арасынан тандап коюуга президент мажбур болууда.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити