Аскар Сыдыков: “Азыр технологияны иштетип, багыт бере турган кадрлар эң маанилүү орунда турат”


«Эл аралык ишкерлер кеңеши» ассоциациясынын аткаруучу директору менен маек.
-- Аскар мырза, акыркы кезде эмгектин өндүрүмдүүлүгү тууралуу көп сөз болууда. Бул багытта сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу – бүгүнкү күндүн эң маанилүү маселелеринин бири. Бизде көп учурда эмгек дегенде жөн гана физикалык күчтү түшүнөбүз. Чынында, өндүрүмдүүлүк – бул технология, билим жана уюшкандык, маданияттын жыйынтыгы. Канчалык заманбап технологияларды колдонсок, ошончолук өндүрүмдүүлүк өсөт, товарлардын сапаты да жогорулайт, баасы арзандайт.
Израилдин бир мамлекеттик ишмери айткандай, “айыл чарба – бул 95% технология жана болгону 5% кара жумуш”. Демек, дүйнө өзгөрдү, азыр технология адамдардын ордуна көп ишти чечип коё алат. Бирок ошол технологияны иштетип, багыт бере турган кадрлар эң маанилүү орунда турат.
-- Кадр маселесине кайрылсак, сиз "таланттуу кадрларды жоготуп жатабыз" деп айттыңыз. Бул көйгөй канчалык терең деп ойлойсуз?
-- Абдан терең. Биз көп жылдар бою эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдадык, бирок аларды өз мекенибизде кармай алган жокпуз. Бүгүн ал кадрлар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өз жөндөмүн ишке ашырып жатышат. Ошол эле учурда Кыргызстандагы экспортко багытталган ишканалар сапаттуу, жогорку деңгээлдеги адистерди таба албай кыйналууда. Бул ички потенциалдын жоготуусу.
-- Демек, азыркы эң негизги муктаждык кадр жана технология, туурабы?
-- Туура. Мисалы, “Apple” компаниясынын жетекчиси Тим Кук бир маегинде: “Биз iPhone’дорду Кытайда чыгарабыз, анткени ал жерде эң арзан болгондуктан эмес, эң сапаттуу жана ар тармактагы мыкты адистер бар болгондуктан” деген. Бул сөздүн мааниси терең. Арзан жумушчу күч эмес, сапаттуу адистер өлкөнүн экономикасын көтөрөт. Ошондуктан биз кадр маселесине системалуу түрдө көңүл бурушубуз шарт. Университеттер менен өндүрүш ортосунда байланыш болушу зарыл. Практикага негизделген билим берүүнү күчөтпөсөк, чет элдик кадрларга көз каранды болуп кала беребиз.
Жыйынтыктап айтканда, биздин келечек үч негизге таянат: технология, сапаттуу кадр жана жеткиликтүү каржы. Бул үчөө тең болгондо гана экономика туруктуу өнүгүүгө жетет.
"Азия Ньюс" гезити











