Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Майрамбек Жумабеков: “Камакка алууда катачылыктар көп. Европа моделине өтөлү”

Майрамбек Жумабеков: “Камакка алууда катачылыктар көп. Европа моделине өтөлү”

08-февраль, 11:18
1 546 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Майрамбек мырза, сиз көп жылдардан бери адвокатура жагында эмгектенип келесиз. Өткөндө “маек кылалы” десем, “президенттин инаугурациясы өтсүн” дедиңиз эле...

-- 30 жылдан бери биздин өлкөдө бир канча президент алмашты. “Чү” дегенде эле алар “укук коргоо, сот, прокуратура, тергөө органдарына реформа кылабыз” деп башташат. Бирок, 30 жыл мурун кандай болсо, азыр деле ошол жазыгынан жанбай, бир орунда калууда. Ал ортодо канчалаган карапайым эл кыйналып, жакырчылыкка батып келет. Муну жөн жерден айткан жокмун. Жакында эле көрүнүктүү жактоочулар башыбызды бириктирип, “Жактоочулар ассоциациясы” уюумун түздүк, интернет сайтыбызды ишке киргиздик. Кыргызстанда көп жылдан бери жактоочулук иште дасыккан 20га жетпеген адвокаттардын башы бирикти. Жаңы шайланган президентибизге колуна кол, бутуна бут болуп, өлкөнү жакырчылыктан, экономикалык туңгуюктан алып чыгууда өз салымыбызды кошууга ниетибизди көздөп турабыз. Эгер Садыр Нургожоевич бизди кабыл алса, буга чейинки үстү-үстүнө кошул-ташыл үйүлгөн көйгөйлөрүбүздү, аны кандай жолдор менен чечүү сунушубузду айталы. 

-- Маселен?

-- Маселен мына, бирөөнүн баласын “жапты” дейли. Убактылуу кармоо жайына эки айга отургузулду. Ал ошону менен жылга айланат. Сотторго кайрылып, “силер мамлекетке зыян келтирип атасыңар” деп атам. Себеби, бир адамдын майда-барат, медициналык кароосу, күн алыс сотко ташыганын айтпаганда, тамак-ашына эле 250 сом күнүнө кетип турат. Мыйзамда баш коргоо чарасын карап атканда “денежный залог” деген бар. Соттор эмнеге ушуну кабыл албайт? Бул жагы баарыбызга түшүнүксүз. Кабыл алса болот эле. Албетте, оор жаза беренелери менен айыпталгандар: ошол эле адам өлтүргөн, кыз зордуктаган, баңгизат ж.б. менен кармалгандар отурсун, буга эч бир каршылык жок. Ал эми жаза беренелери жеңил: алдамчылык, экономикалык ж.б. болсо отургузбай, “денежный залогун” алып койсо, мамлекеттин депозитинде турат, кайсы бир мөөнөткө чейин айлана берет. Эгер айыпкер адам ал жердеги келишимди бузса, тергөөгө келбей же кетип калса, анда ал акча мамлекеттин казнасынан түшүп калат. Бул мамлекет жагы. 

Ал эми ошол айлап-жылдап СИЗОдо отурган баланын жагдайын алалы. Анын бир туугандары мал-мүлкүн, керек болсо машинасын, үйүн сатып, жалгыз баласына күндөп-түндөп ташыган тамак-аш, картошка, май-чайына чейин жеткирип турган, күн сайын жабырланууга барып аткан ата-энесин эмне кылабыз? 

-- Тергөөнүн жүрүшүн жөн эле создуктурбаса керек, бу жерде бир мандем бар сыяктанат?

-- Мандем бар. Бир билгенимди айтайын. Шаарыбызда төрт район бар. Алардын ортосунда сот иштери боюнча атаандашдык “мелдеши” бар. Мисалы, Свердлов району бир айда 20 соттук ишти карап атат, ошол эле Ленин району болсо 15ти караганы тууралуу отчет берди. Ушундан улам “Ленин району начар иштептир” дешип жыйынтык чыгарат. Мына ушунун кимге кереги бар?! Союз ыдырай электе Москвага отчет бериш үчүн ушундай иш ыкмасы колдонулчу. Ал эми азырчы? Эмне, жаңы шайланган президентке кереги барбы?

-- Ушундай түшүнүксүз жагдайдан чыгуунун жолу кандай?

-- Эмне үчүн жок? Бар үчүн күйүп-бышып атам да. Айталы, Европанын өнүккөн өлкөлөрүндө өзүнчө модель иштелип чыккан. Кичинекей аймакта эки участковый иштейт. Айлык акылары жогору. Өзүнчө иш бөлмөлөрү бар. Машинесин берип, үй-жай менен камсыз кылат. Ошол эки участковый өздөрүнө тийешелүү аймакта жашаган тургундардын ар бири менен жакындан таанышат. Ким эмне менен оокат кылат, ким кандай иштерде шугулданат?.. Эгер жагымсыз жагдайлар жаралса, аларга тийешелүү чара көрүлөт. Ал боюнча жогорку структурада жетекчилерге отчет берип турушат. 

-- 2019-жылы жаңы кодекстер чыккансыды эле, булар кандай иштеп атат?

-- Элге каршы иштеп атат. Жаңы шайланган президентке бул боюнча да айта турган толтура кеп-кеңешибиз бар эле...              

Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер