Биринчи классты окутуу тууралуу жооп узатышты
Бишкекте 1-класстын балдарын окутуу тартиби боюнча чечим август айынын ортосунда кабыл алынат. Бул тууралуу билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева “Спутник-Кыргызстан” агенттиги уюштурган онлайн-брифингде билдирди.
"1-класстардын маселеси көпчүлүктү ойлонтту. Бул боюнча ата-энелерден дагы абдан көп кайрылуу келип түштү. Аларды түшүнсө болот. Анткени балдар мектепке, окутуу процессине көнгөн эмес. Билим берүү жана илим министрлигинин алдында эксперттерден турган топ түзүлгөн. Алар 1-класстарды окутуу тартиби боюнча маселени анализ кылып жатышат. Менин оюмча, августтун ортосунда бир чечимге келишет" деди Иманалиева.
Ал чечим толук чыкмайынча ата-энелерге балдарына мектеп формасын алып бербей коё турууну сунуштады.
"Азия Ньюс" гезити