Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Күлүп сүйлөгөндөн түңүл”, же дааватчы-министр Кадырбековдун жүзү ачылабы?

“Күлүп сүйлөгөндөн түңүл”, же дааватчы-министр Кадырбековдун жүзү ачылабы?

20-ноябрь, 19:19
2 522 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу редакция, сиздердин акты ак, көктү көк деп айткан калыс позицияңыздар мага жагат! Өзгөчө соңку төңкөрүштөн кийин жүргөн кадр саясатындагы башаламандыктар, жаңы бийликке эпчилдик, жагымпоздугу, жалганчылыгы менен эрмешип-жармашып, ар кандай жетекчилик креслолорду ээлеп алгандарды таамай жазасыздар, бул эл тарабынан колдоого алынууда.

Мисалы, дааватчы-министр Нуржигит Кадырбеков жөнүндө өтө калыс пикир жаздыңыздар. Коомчулуктагы, эл арасындагы нукура чындык ой-пикирди чагылдырдыңыздар. Өзүн акын же жазуучу катары тааныткысы келип, сүйлөсө элдин баарын дөдөй, маңбаш көргөнүн кантебиз? Көңдөйлүгүнө карабай ой чаргытма сөз божураткан, сымаптай мөлтүлдөгөн, принципсиз, жалган-чынды аралаштырып, кооз сөздөрү менен кожо көрүнгүсү келген жасалма жүздү ачып койдуңуздар го? “Сооронбай Жээнбековдун кайниси” деген атка конуп, далай иштерди тымызын бүтүрүп, анан жаңы өкмөткө беткабын сыйрып сала өтүп кетти. Бул Нуржигит Кадырбековду “Жаңы ордо” гезити куп гана “жайлаптыр”. “Гүленчи” деп бекеринен атабаса керек! 

Баса, анын каржылык күмөндүү иштерге катыштыгы бар экенинен шек санап, суроо узаттыңыздар. Аны ким иликтеп, текшерет? УКМК башчысы кадимки Камчыбек Кыдыршаевич, “үкөм” деп койбой, адилеттүү иликтетиңиз. Себеби, улам кубулуп, жаңы түс кийип, элди дөдөй көрүп, маңыз кеби менен бийликке жетип алган соң далай “кызык тамашаларды” жасашы мүмкүн. Адамдардын баарына мүнөздүү болбосо да “күлүп сүйлөгөндөн түңүл” деген сөз мына ушундай кубулма мүнөз пендеге айтылса керек... 


Адилет Калысбеков

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер