Жумуштан катуу чарчаган адамды кандай оорулар тооруйт?


Жумуштан катуу чарчоо адамды депрессияга жеткирип, ичеги-карын ооруларын пайда кылат. Ошондой эле өнөкөт ооруларды козгоп, иммунитетти алсыратат. Мындан улам адам көп тумоолошу ыктымал. Бул тууралуу дарыгер Елена Горинанын пикирин бөлүшөбүз.
"Бул учурду айрымдар олуттуу кабыл албай, көңүл кош мамиле кылып жүрө беришет. Бирок эл аралык деңгээлдеги медиктер аны “синдром” деп тааныган. Жумуштан катуу чарчоо ден соолукка психологиялык жактан эле эмес, бардык жактан зыян. Эгер адам жумуштан кеткиси келип, эч нерсеге көңүлү чаппай калса, демек, иштен катуу чарчаган синдромго кабылган. Буга чейин бул синдромго социалдык кызматкерлер, педагогдор кирсе, азыр бул тизме кеңейген. Мындай синдромго кабылган кишинин табити жоголуп, уктай албай, башы көп ооруйт. Бул учурда адам чылым көп чегип, спирт ичимдиктери менен өзүн алаксыта баштайт. Алар сөзсүз түрдө ден соолукка зыянын тийгизет" дейт дарыгер.
Ошондой эле иштен тажап, чарчаган адамдын иммунитети түшүп, өнөкөт оорулары бар болсо, алар козголо турганын жана мындай абалдан чыгуу үчүн адам жумушу менен үй-бүлө, хоббинин ортосундагы балансты сакташы керектигин, тагыраагы, аларды чогуу алып кеткенге аракет кылганы оң экенин кошумчалаган.










