Жолборс Жоробеков, профессор: “Кыргызстандын келечеги ишенимдүү колдо...”


-- Жолборс Жоробекович, көптөн бери республикабыздын саясый айдыңында көрүнбөй кеттиңиз, эмне иштер менен алектенип жатасыз?
-- Улам жаш өйдөлөгөн сайын жаза турган, жасай турган иштер да көбөйөт экен. Академиядагы жумуштун планы боюнча мамлекетти башкаруунун трансформациясы жөнүндө жакшы бир иш жазып жатам. Өтө олуттуу эмгек болот, буга “унгу жолдун” да бир топ жагдайлары кошулат. Анткени биз коомду, тарыхты, саясатты изилдегендер алиге чейин эле советтик, маркстык-лениндик түшүнүктөрдөн алыстай албай жатпайбызбы. Азыр заман, дүйнө өзгөрдү. Батыштын күнү аяктап, Чыгыштын таңы атып келатат – бул эми чоң маселе. Ушуларды эмгекте камтыганга бүгүнкү күндүн деңгээлинен чечмелегенге аракеттер көрүлөт.
Ал ортодо академик Миталип Мамытович жөнүндө “Улуттун улукманы” деген китеп жаздым. Муну эми кандай экенин окугандар айтсын. Айтмакчы, быйыл октябрь айында И.Раззаковго 115 жыл болот, ошого карата мурда чыккан китебиме жаңы табылгалар, архивдик материалдар кошулду. И.Раззаковдун кызы Элмира Раззакова менен болгон маектешүүнү киргизип, ал китептин экинчи басылышы даярдалууда. Анан дагы көп убакытты алган нерсе – үйдөгү китепканамды бүт караштырып, өзүм чоңойгон айылга, окуп бүткөн улуттук университеттин тарых факультетине, азыр иштеп жаткан академиянын мамлекет жана укук институтуна китептеримди бөлүштүрүп жатам. Эжең экөөбүз социология боюнча бүт китептерибизди улуттук университеттин социология кафедрасына өткөрүп бердик. Иши кылып, жумуш чачтан көп.
-- Эми Жолборс аке, күнүмдүк саясаттан да бир шиңгил айта кетпейсизби? Сиздин оюңузча, бу бизде саясат кандай болуп жатат, кээ бирөөлөр “ой сонун” десе, дагы бирөөлөр теңирден тескери баалайт, сиздин оюңузча кандай?
-- Эми “сууну сиңген жерге куй...” дейт беле? Ошонун сыңарындай, сурап калдың айтайын, бирок айрымдар “алжыган абышканын ою” дебесин үчүн утопияга эмес конкреттүү маселелерге эле токтолоюн. Айталы, өткөн кылымдын 85-жылдарынан бери 40 жыл ичинде дүйнө, баалуулуктар, көз караштар өзгөрдү. Биз да өзгөрдүк. Эгемендүүлүктүн алгачкы 1990-2000-жылдары биздин көздө Батыштын маданияты менен демократиясы, алардын мамлекет башкаруусу турса, азыр башкача ойлонууга, өзүбүздүн башатыбызда эмне дасмиябыз бар экенине кайрылууга туура келди. Ал эми бүгүнкү күндөгү Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн жакшысын “жакшы” деп айтуубуз керек. Ал эми айрым калпыстыктар жүрөктү оорутат, айтайын десең эч ким укпайт. Эми көп маселелер бар: Жакында шайлоо боюнча жаңы мыйзамга президент кол койду. Анын бир эле жобосу ар бир талапкер миңден жардамчы алса болот экен. Ойлоп көрүңүз, миң адамга айлык төлөйт мыйзамдуу түрдө. Ал эми жең ичинен андан да көбүрөөк берип, ар биринен “5-10-20дан адам алып келесиң” деп ага төлөнгөндү ким, кантип текшере алат? Бүгүн баардык маалымат алаканда турганда миң адамды жардамчы кылуунун кереги жок го? Анын ордуна ар бир айыл өкмөттөн депутаттыкка кандидаттын бирден ишенимдүү адамы болсо жетишет да. Бирок кырдаал өтүп кетти, муну да көрөлү.
-- Эми өзүңүзгө жакын илим-билим жагына келсек...
-- Бу илимдер академиясы, улуттук университет деген мамлекеттин символдору герб, гимн, туу сыяктуу эле Кыргызстандын белгилеринин бири. Мамлекеттин кандай университети бар, кандай академиясы бар? Ошого карата бааланат. Академия жакында оңдоп-түзөлүп, бизге кандайдыр бир ишенимдер пайда болду эле. Бирок азыр институттар туш тарапка таркатылып, ал жерге ар түрдүү академияга тийешеси жок ишканалар көчүп келүүдө. Өкүнүчтүү! Менин оюмча, бул ишти президент билбейт го. Анткени, ал киши өзү келип көрүп, окумуштууларга баардык шарттар түзүлөрүн өз сөзүндө айткан эле.
-- Айтмакчы, сиздин академиядагы айлыгыңыз канча?
-- Эми сурап калдың айтайын, эч качан, эч жерде айтчу эмес элем. Мен илимдин доктору, профессору, Кыргызстандын илимине эмгеги сиңген ишмер катары мурда 12 миң сом алсам, азыр 100% көбөйгөндөн кийин 20 миң сомдон көбүрөөк акча алам. Ушул жерде бир нерсени кыстара кетейин, гуманитардык илимдердеги ишти же алардын эмгектерин кандайдыр бир пайыз менен же кандайдыр бир килограммдар менен өлчөй албайбыз. Ошол эле кыргыз тарыхы, философиясы, филологиясы ж.б. иштерин изилдөөдө адис окумуштуулар ат көтөргүс жумуштарды жасап жатышат. Ал эми реалдуу секторго өз жардамын тийгизе турган институттар да жемиштүү иштөөдө. Бул жагынан мамлекеттик заказдар да эффективдүү болушу шарт. Булар академиялык жагдайда болсо, эми университетке өтсөк. Биздин улуттук университеттин имараты 1950-жылдары салынып, биз окуган алтымышынчы жылдары да бул имарат менен сыймыктанчубуз. Анткени Алматы, Душанбе, Ашхабадда университеттеринин мындай имараттары жок эле. Ал эми сапат жагынан СССР деген чоң империяда он алдыңкы университеттердин катарына кирчү. Азыр эми азыр өзүбүздөгү алдыңкы беш окуу жайдын катарына кирбейт. Биздин университеттегидей имарат КМШ мамлекеттеринин биринде да жок. Баардыгы азыр (Алматы, Душанбе, Ашхабад) 10-18 кабаттан турган заманбап имараттарга ээ болушкан. Бул жана ушуга окшогон маселелер боюнча өмүр бою билим берүү жана илим жаатында иштеген адам катары сунуштарым бар, официалдуу адамдардын бирөө-жарымы кабыл алып калса айтармын, болбосо дагы эле сенин гезитиңе кененирээк материал берермин.
-- Эми позитивдүү жагдайларга да токтолсоңуз...
-- Албетте, позитивдүү, адамдын көңүлүн көтөрө турган, эгемендүү жылдары бир да бийликтин тушунда болбогон иштердин болуп жатышы, президенттин командасы жакшы иштерди жасап жатканына өзүнчө жана өзгөчө токтолууга туура келет. Экономист эмесмин, мен түбү мугалим катары мага жакканы тарбиялык жагдайы. Албетте, коомчулуктун пикиринде биринчи орунда канча акча түштү, ал кандай иштерге жумшалууда? Ошол жагы көпчүлүктү кызыктырат. Ал эми мени кызыктырганы эгемендик жылдары биротоло тамырлап, жаштарыбыздын дээрлик баардыгы “мен коррупционер авторитет болом, көп акча табам, анан мандат алам” деп калышчу. Мына ушуну Камчыбек Ташиев кан буугандай токтотту. Мурда бийликке келгендер деле “коррупционерлер менен күрөшөбүз” деп айтышканы менен өздөрү ошонун арасында болушкан. Мындай учурда ар мектепке бирден Гапыр Мадаминовду жиберсек да кырдаал оңолбойт эле. Азыр Кудайга шүгүр, бир топ ооздукталды. Жаш жеткинчектер муну көрүп-билип турушат – бул чоң тарбия.
Мындан башка мамлекетте болуп жаткан иштер кубандырбай койбойт. Садыр Жапаровдун тушунда Кумтөрдөн баштап ар бир район, шаарларга чейин кучак жайган курулуштардын баардыгын тизмектеш менин максатыма кирбейт. Бирок муну көзү сокур адам же кыргыздын душманы эле көрбөй койбосо, жалпы эл жылуу кабыл алууда. Демек, Кыргызстандын келечеги ишенимдүү колдо. Мындан башка ички социалдык жагдайда, сырткы эл аралык саясатта да жаман эмес жумуштар жүрүп жатат, жакшыны “жакшы” деш керек.
-- Сизге жакын билим берүү жана илим министри болуп бөлүнүшүн кандай баалайсыз?
-- Өтө жакшы, жетекчилери да туура тандалды. Догдуркүл айым бу агартуу системасында “оту менен кирип, күлү менен чыккан” чыныгы профессионал, ал эми Азамат деген жигитти көптөн бери байкап жүрөм, компетенттүү адистердин бири деп билем. Экөөнө тең ийгилик каалайм.
-- Кечиресиз, соцтармактарда мезгил-мезгили менен “Бакиевди алып келет” деген маалыматтар байма-бай чыгып калат. Бул маселени сиз кандай баалайсыз?
-- Алып келеби же алып келбейби, аны билбейм, бирок жаңы ачылган жагдайга ыйлайык Бакиевдин өзүн катыштырып соттосо, көп нерсенин башы ачылат эле. Анткени токсонго жакын курман болгон балдар жөнүндө ар кандай маалыматтар бар (Р.Отунбаева, Ф.Кулов, К.Байболов ж.б.). Анткени кандай гана бийлик болбосун бир тамчы канга турбайт. Ким аткан, кайдан аткан, кармалган башкесерлер (А.Бекназаров) кимдер эле (?) ж.б. иши кылып, бул жерде көп маселелер ачыкталышы жана коомчулук так, ишенимдүү маалыматты алышы керек. Анан чыныгы күнөөкөрлөр жазасын алса, жакындарынан айрылгандардын да көксөөсү бир топ басаңдайт эле.
-- Эми Жолборс аке, сиз өзүңүз дагы эмнелерге көңүл бурулса, дагы кандай кылсак дегендей ойлоруңуз бар?
-- Албетте, айта турган сунуштар өтө көп, бирок аны ким угат? Жогоруда айттым го, дүйнө өзгөрдү, ошого жараша биз да өзгөрүп жатабыз. Кызым күйөөсү экөө Америка жараны болгондуктан тез-тез Америкага барып турам. Мени кызыктырганы билим берүү, илим жааты болгондуктан, университеттерине барып, алардын иш пландары менен таанышууга, маек курууга умтулам. Болбосо бир аяш уулум “Ата-Тоо” университетинде Мариям эжеңден окуган, азыр Японияда өзү мектеп ачып, жемиштүү иштеп жатат. Өткөн жылы ага барып, ал жерди да көрүп, таанышып кайттык. Ошондуктан жаңы велосипед жасоонун кереги жок, ошолор басып өткөн жолдун бизге жарактуусун алып, өзүбүздүн жакшы жактарыбыз менен жуурулуштура билсек. Жогоруда белгилегендей, Батыштын күнү аяктап, Чыгыштын, Азиянын таңы атып келатат. Маркс, Энгельс өз заманында формациялык окууну киргизип, бүгүнгө чейин ал уланып келет. Бирок акылман адамдар экен, бул беш формациядан башка да “Азиялык өндүрүш ыкмасы бар” (Азиатский способ производства) деп белгилеп кетишкен экен. Мына эми ошол Азиялык өндүрүш ыкмасынын ооматы келди. Муну мындан ондогон жылдар мурда эле баамдаган япондуктар кырдаалды текке кетирбей туура пайдаланып, бүгүнкү бийиктикке жетти.
Мына бизде да башатыбызда эмне бар, эми кандай жол менен кетебиз (?), Садыр Нургожоевич жакында Ошто болгон жолугушууда кенен токтолду. “Жаңы Кыргызстанды курууда биз көптөгөн жылдар бою ишенимдүү идеологияга багытыбызды так аныктаган баш багытка муктаж бойдон келдик. Ошондуктан биз куттуу келечекке ишеним арттырган, мекенчилдикти күчөткөн, улуттук демибизге дымак берген идея иштеп чыктык ал – Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу” деп баса белгиленди. Мына ушунда көрүнүп тургандай, биздин башатыбыздагы алгылыктуу жагдайларды дүйнөлүк илим-билимдеги жетишкендиктер менен айкалыштырып, элибизди жакынкы жылдары алдыңкы мамлекеттердин катарына кошуу.
Эми Сурат, бу сага өтө кыска тезис формасында эле айтып жатам. Болбосо бул өтө узак, өтө кызык маселе. Булардан башка да бир топ сунуш пикир, идеялар бар, дагы бир башка жагдайда сүйлөшөрбүз...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











