КЛДП алгачкы кадамы менен эле көп суроолорду жарата баштады...
Ырас, КЛДПнын башында профессионал адистер турганы коомчулуктун көңүл чордонун бурдурду. Алар Жанар Акаев, Элдар Абакиров жана Сейтек Качкынбай. Үчилтик -- жаштар, таза команда менен шайлоого аттанганын жарыялашты. Бирок, булардын катарынан дагы кимдерди көрөбүз? Жалаң айлык менен күн көргөн, ар кандай кесиптин мыкты кадрлары менен аламандын бороонуна чыдай албасы белгилүү да. Анүстүнө, береги үч жигит тең саясаттын оор сыноолорун, катуу куугунтуктарды көрүшө элек. Образдуу айтканда, “сары ооз балапандар”. Дагы бир кызык жагдай, булардын артында сырткы күч турабы, же жергиликтүү олигархтар өз кишилерин киргизишип, тымызын колдошобу? КЛДПнын алгачкы билдирүүсүндө Жанар Акаев каршылаш саясый күчтөргө, бийликке каршы сын пикирин айтты. Демек, кыл чайнашкан атаандаштык, катуу чабыштар алдыда. Ийгилик каалайбыз!
Ошентип, КЛДП “ачыкталбаган” көп суроолорду жарата баштады... Убагына жараша кеп болот...
Aryba.kg