Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президентке тоодой тирек болгон Руслан Казакбаев

Президентке тоодой тирек болгон Руслан Казакбаев

24-сентябрь, 12:15
1 133 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Дүйшөмбүдө өткөн кезектеги сессиясында президент Садыр Жапаров Афганистандагы аскердик-саясый абалга токтолуу менен Борбор Азия аймагында коопсуздукту, тынчтыкты, стабилдүүлүктү камсыз кылуу эң башкы милдет экенин белгилеп, саммиттин катышуучуларынын көңүлүн кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакка буруп, келишимге кирген өлкөлөр арасында мындай чырга жол берилбеши керек экендигин баса белгилеген... Көп өтпөй Садыр Жапаров БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 76-сессиясында дүйнө коомчулугуна кайрылды. Бул да биздин өлкөнүн эл аралык кадыр-баркы өсүп баратканынан кабар берип турат. 

Президенттин бул жүйөлүү сөзү Кыргызстандын позициясы союздаш мамлекеттер арасында эле эмес, эл аралык аренада да бекемделип, бир жылдан бери ишбилгилик менен туура жүргүзүлүп келаткан тышкы саясат өзүнүн жемишин берип жатканына күбө болуудабыз. Руслан Казакбаев жетектеген тышкы иштер министрлиги кошуна өлкөлөр, ШКУнун, ЖККУнун алкагында стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен туруктуу иш жүргүзүп, макулдашуулардын негизинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармакта өз ара байланыштарды бекемдеп, биргелешкен долбоорлор үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылууда. Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусунда Кытай 1500 тонна буудайды бизде түшүмдүн аз экенин көрүп, жардам катары берип жатса, Индиянын тышкы иштер министри Субраньям Джайшанкар менен болгон Дүйшөмбүдөгү жолугушууда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, “Телемедицина” долбоорун талкуулоо, IT борборун ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн жана тез арада ишке аша турган долбоорлорго 100 миллион АКШ доллары Кыргызстанга грант катары бөлүнгөн. 

 Руслан Казакбаевдей басса-турса элди, өлкөнү ойлоп, күндүр-түндүр тынбай иштеген, жетектеген мекемесин сааттай так иштетип, алыскы-жакынкы чет өлкөлөр, союздаш стратегиялык өнөктөштөр менен да достук байланыштарды бекемдеп, теңата мамиле түзүп, дүйнөлүк коомчулуктун алдында ак калпактуу элибиздин, өлкөбүздүн зоболосун көтөрүп, аброй алып келген мамлекетчил жетекчилер өлкө башчысына аттай арка, тоодой тирек болуп берери шексиз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер