Кубанычбек Идинов: “Кытайдан ала турган инвестицияны чектебейли”

Экономика илиминин доктору, политолог, профессор менен маек.
-- Сырттан алынган карыздар максаттуу пайдалануудабы?
-- Эгер коррупция жок болсо, туура эле пайдаланылып жатат. ТЭЦтей болуп коррупция менен байланышкан болсо, анда текшериш керек. Негизги максат – баардык алган кредиттерди экспертизадан өткөрүп туруу зарыл. Кокус мыйзамсыз болсо, сүйлөшүүнү токтоткон туура. Байкалган коррупцияны жок кылып, анан келишимге кол коюшса жакшы.
-- Кытайдан жана башка жактан алына турган карыздарга чектөө киргизүү эмнеге байланыштуу? Кандайдыр бир коркунуч барбы?
-- Бул жерде эч коркунуч жок. Кытайдан ала турган инвестицияны чектебеш керек. Бирок, алган насыяны сөзсүз өз убагында үстөгү менен кечиктирбей төлөп туруу зарыл.
-- Кытай менен чек аралаш башка мамлекеттерде карыз алуу жагдайлары кандай каралган?
-- Ар кандай. Менин угушумча, Тажикстан Тоолуу Бадахшандан алюминийдин запасын күрөөгө коюп, бүт инфраструктурасын чечип алды. Биз деле Жетим тоодогу (Нарын дарыясынын башында) 10 миллиард тонна темирдин запасын күрөөгө коюп, Кытайдан кредит алып, Кыргызстандагы баардык инфраструктураларды толук куруп алсак болмок. Ансыз деле Кытайдын майда ишканалары казып алып кетип жатышат. Экономика илиминин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев абдан туура айтып жатат, “инфраструктурасы жок бир да мамлекет өнүгүп-өспөйт” деп.
-- Карыздын көпчүлүк бөлүгү Кытай тараптан алынышы эмнеге байланыштуу?
-- Кытайдын “Импорт-Экспорт” банкы (“Инэксимбанк”) маселени тез чечет. Бирок, биздин жетекчилер напсисин тыйбай жатпайбы! Азыр бир ишенич Садыр Жапаров менен Ташиевде! Эл ошолордон үмүттөнүп жатат. Бул ишенич ишке ашпай калса, Октябрь революциясы кайра башталат. Ал Россиядагы 1917-жылкы революциядан да ашып түшөт. Биздин жаштар мындан ары чыдабайт!
-- Карыздарга чектөө киргизүүнү чечүүдө кандай талаш-тартыштар болушу мүмкүн?
-- Чектөөнү депутаттар чечсин, бирок, ЭВФнын сунушу боюнча ИДПнын 60 пайызынан ашпаганы дурус. Демек, биз карыз алгыбыз келсе, ИДПны жылына 7-10 пайыз менен өстүрүшүбүз зарыл. Ал үчүн “экономикалык амнистицияны” толук жана эффективдүү пайдаланганыбыз абзел!
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити