Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров бийликке баш оору жаратабы?

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров бийликке баш оору жаратабы?

29-июль, 13:34
2 094 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эгерде тергөө, сот органдары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго козголгон кылмыштарды далилдеп, элдин астында ачыктап бере албаса, анда аягын элестете бергиле. Экөө тең каршылык көрсөтүшүп, бийлик менен күрөшүүгө белсенип калышкандай. Кандайдыр бир деңгээлде электораттары бар экени ырас. Каражаттары да кыйла көп. Мындай шартта маал-маалы менен эл чыгарууга, саясый олку-солкулуктарды жаратууга, пиар багытында иштөөгө эмнеге болбосун? Биздин баамыбызда, Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров бийликтин рейтингин түшүрүү үчүн бар күчтөрүн жумшай беришсе, аягында башка саясый күчтөр да кошулуп, коркунуч жаралышы мүмкүн. Дал ушул опурталдуу, түйшүктүү чыйырга из сала алышабы?

Дагы бир жагдайдан алганда, эгерде Садыр Жапаров жакшы иштеп кетсе, элде нааразычылык кескин азайса, анда береги камактагылар саясый күчкө ээ болбой калышары мүмкүн. Билинбегени менен айыгышкан күрөш башталып калды. Өзгөчө Асылбек Жээнбековдун айбаты айга жанары айтылууда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер