Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өрүк кактан бизнес жасаган Жаркынай айым

Өрүк кактан бизнес жасаган Жаркынай айым

21-август, 22:41
1 739 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаркынай Деркембаева үч баланын энеси. Ал декреттик өргүүдө жөн отурбай, бакчадагы желбей калган өрүктөрдөн как жазап, чакан дүкөндөргө коюп, сата баштаган. Үч жыл аралыгында бул ишти өнүктүрүп отуруп, “Сары кыз” брендин негиздегенге, продукциясын ири шаарлардагы гипермаркеттерге сатыкка чыгарганга жетишти. 


“Сары кыз” бренди менен мөмө-жемиштерден жасалган кактар чыгат 

-- Мөмө-жемиштерден как чыгаруу идеясы алгачкы жолу 2018-жылы келген. Ысык-Көлдөгү ата-энемдин бакчасындагы калып калган өрүктөрдү көрүп, аларды кайра иштетүү зарыл экенин түшүнгөм. Өрүктү иштетүүнүн көптөгөн ыкмалары болгон, бирок эң жакшысы как жасоо. Ошол кезде менин кичинекей балам бар болчу, адегенде кактан чакан эле партия жасап, уулумдун мектебине жана кызымдын бала бакчасына бараткан жолдогу дүкөндөргө сатып жүрдүм. Таңгагы жок, жөнөкөй болсо деле продукция ар дайым жакшы өтүп келген. Күнүнө 300 сомдон 700 сомго чейин акча алчумун, кийин муну дагы көбөйтүү керектигин ойлодум.  

Ысык-Көлдө даярдалган кактар ири дүкөндөрдө сатылууда

-- Коомчулукта как базарда, текчелерде сатылып жаткан, “үйдөн жасалган продукт” деген түшүнүк калыптанып калган. Ошондуктан, адамдар кактын жасалган шартын, ал кандай мөмө-жемиштерден өндүрүлүп, кургатылганын билбегендиктен сатып алгандан коркушат. Менин «Сары кыз» брендин негиздегенимдин башкы себеби, какты жогорку деңгээлге жеткирүү болгон. Учурда атайын сертификатка ээ болуп, Ысык-Көлдө эле эмес, Бишкектеги ири гипермаркеттерде жана дарыканаларда сатыла баштады.  

Максатым – «Сары кызды» кыргызстандыктар сыймыктанган брендге айлантуу  

     -- Ысык-Көлдү кактын чыныгы мекенине айлантууну кыялданам. Ар бир жаранга, айрыкча аялдарга, өлкө ичинде, алтургай өзүңүздүн чакан бакчаңызда дагы өнүгүп, бизнес түзүп, продукцияны экспорттого да мүмкүн (!) деп айткым келет. Эл аралык долбоорлорго катышып, “Сары кыз” брендин мындан да өнүктүрүү максатым бар. Азыр концепция өзгөрүлүп жатат, жакында балдарга арналган, фитнес үчүн, атайын эс алуу жаатына ылайыкталган ассортименттер болот. Россия жана Казакстанга экспорттоону дагы көздөп жатабыз. 


 Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер