Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алымкадыр Бейшеналиев: "Ооруканаларга жөнөкөй бейтап болуп барып текшерем"

Алымкадыр Бейшеналиев: "Ооруканаларга жөнөкөй бейтап болуп барып текшерем"

04-апрель, 12:33
922 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандагы ооруканаларды министрдей эмес, жөнөкөй бейтаптын кейпин кийип барып текшерем. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ЭлТР каналына маек куруп жатып билдирди.

Аткаминер ишемби, жекшемби күндөрү спорттук кийим менен аймактардагы ооруканаларды текшерүүгө чыгып кетерин белгилеген.

"Эч кимге айтпай, министр экенимди билгизбей, өзүмдү бейтап сыяктуу көрсөтүп, ооруканаларды акырын текшерем. Бир жолу сокур ичегимди алдырам деп бир ооруканага бардым. Ал жактан медик операция кылам деп жатканда "бул жерде тырык турат, сокур ичеги болгон окшойм" десем эле дарыгер мени таанып, таңгалган. Негизи мурда сокур ичеги болгом да. Ошол сыяктуу болуп текшерсем, ал оорукана кандай иштеп жатканын билем. “Министр келатат” дегенде баарын жууп-тазалап, жакшы жерлерин гана көрсөтөт. Анын эмне кереги бар?” деген министр.

Ал ооруканалардын 60 пайызын дал ушундай ыкма менен текшерип, бир топ башкы дарыгерлерди кызматтан алганын кошумчалаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер