Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айнура Сагынбаева: “Жашоо кино сыяктуу, сүйүнүч дагы, кайгы дагы убактылуу”

Айнура Сагынбаева: “Жашоо кино сыяктуу, сүйүнүч дагы, кайгы дагы убактылуу”

23-июль, 21:19
1 017 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айнура айым, сиз белгилүү косметологсуз. Бирок дарт күчөгөндө элге эң керектүү медициналык кеңештерди берип, бейтаптарга чоң жардамыңыз тийди. Дартты жакшы түшүнгөндөй болдуңуз.  Сиздин пикириңизде пневмониянын биринчи белгилери кандай? Белгиси жок эле өпкөгө өтүп кеткен дагы учурлар болобу? 

-- Эч кандай дене табы көтөрүлбөй туруп эле пневмония болуп калган учурлар дагы бар. Төш жак, далы тарап ооруйт. Негизинен көпчүлүгүнүн дене табы көтөрүлөт. Жөтөл, аба жетпей, дем кысылуу, алсыроо болот. Пневмониянын белгилери ушундай. Кандайдыр бир белги болот. Бирок, айрымдар байкабай жүрө берип, күчөтүп алышат. 

-- Мурда пневмония болуп айыккандарда көп кездешүүдөбү же таптакыр дарты жоктордо да кездешүүдөбү?

-- Ар кандай болуп калып жатат. Айрыкча мурда өнөкөт оорулардан жабыркаган, кант диабети бар, жүрөгү оорукчандар, аз кандуулар, бронхит, астма болгондордо оорурак кездешүүдө. Оор формаларын көтөрүшүүдө.

-- Кичинекей балдарда жеңил өткөнү байкалууда. Сиз кандай баамдадыңыз?

-- Бул жаңы илдет болгондуктан көп нерселер белгисиз бойдон калууда. Арадан бир жылдай убакыт өткөндөн кийин баары ачык-айкын болуп, изилдене баштайт. Чет өлкөдө, Россияда кичинекей балдарда да оор формалары кездешип калууда. Учурда от, жалынды жаап, өлүм менен күрөшүп жаткан күндөрүбүз.  

-- Акысыз жаздыкчаларга кычкылтек куюп, кайрымдуулук ишин жасап, элге кызмат кылдыңар. Учурда дарт азайганы байкалуудабы?

-- Ооба, биз түнү менен жаздыкчаларга кычкылтек куйчубуз. Азыр бир топ азайды. Дарыканада кезек күтпөй калдык. Бизге оор күндөрү беш мүнөттүн ичинде эле 4-5 чалуу болуп жаткан. Азыр 30-40 мүнөттө бирден келип калышты. Буюрса мурдагыдан азайды. 

-- Дарттын айынан көңүлү чөгүп, депрессияга кабылгандар көбөйдү. Аларга кандай кеңешиңиз бар?

-- Элдин баары ооруп, эки күндүн биринде эле жамандык болуп жатса, интернетти ачсаң эле вирус тууралуу какшап жатышса, анан депрессия көбөйдү да. 

-- Депрессиянын негизги белгилери кандай?

-- Эч нерсеге көңүл жок, жашоо тузу жок тамактай болуп, өзгөчөлүгүн жоготуп калат. Жүрөк жай согот, же тескерисинче баттан согуп калат. Уйку жок, же тескерисинче, көз ачылбай эле уйкуга тартат. Табитибиз жок, же тынбай эле бир нерселерди тойгонубузду билбей жеп калабыз. Кино кызыксыз, музыка кызыксыз, жашоо токтоп калгандай болот. Кыскасы, максатсыз жашоо болуп калат.

Ошондой абал оорлошуп кетсе, адам өз өмүрүнө кол салууга чейин барышы мүмкүн.

-- Бул абалды кантип жеңебиз? 

-- Бул жашоону кыскаметраждуу кинотасма катары кабыл алыңыз. Бүт баары: сүйүнүч дагы, кайгы дагы убактылуу экенин түшүнүшүбүз керек. Дин жөнүндө ойлонуңуз. Дуба окуңуз, намаз окуңуз. Кудай Тааламдын колдоосу менен женилдейбиз. Колдон келсе телефондогу соцтармактардан эс алыңыз. Негативден кутулуңуз!

Жыттуу, даамдуу чайдан ичип, тоо тарапка кетип калып, көк чөптү, шар аккан сууну карап эс алуудан жакшы дары жок. Негизи, жаман ойду айдаңыз, “баары жакшы болот” деп өзүңүзгө күнүгө убада бериңиз.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер