Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды

Министр Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды

18-апрель, 16:49
330 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналивге сөгүш жарыялады. Ага башкы прокуратуранын сунушу негиз болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров буга чейин башкы прокуратура Бейшеналиев тууралуу өкмөткө эки жолу кайрылганын айткан. Ал "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, министрге жакын арада чара көрүлөрүн маалымдаган. 

Буга чейин Жогорку Кеңеште Бейшеналиевдин коомдук жайлардагы жүрүм-туруму, башка кесиптештери тууралуу айткандарынан улам өлкө жетекчилерин реакция кылууга чакырган.

Баш прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште отчет берип жатып, министрге карата чара көрүлүп жатканын, кызматтык этиканы бузганы үчүн министрлер кабинетине эки сунуш берилгенин айткан.

Министр бир катар таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алган. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир нече менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыккан. Бейшеналиев өзү бул тармакта реформа жасап жатканын, ага айрым адамдар бут тосууга аракет кылып атканын айтып келет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер