Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Радикал исламисттердин “тоок мээ” экени айныгыс чындык!”

Сабыр Муканбетов: “Радикал исламисттердин “тоок мээ” экени айныгыс чындык!”

30-декабрь, 11:53
2 146 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Саке салам, куш келипсиң! Келе жаткан жаңы жылың менен!

-- Рахмат Суке, өзүңөрдү да куттуктайм. Кандай анан майрамдык маанай?

-- Иш үстүндөбүз, күпүлдөп, гезит чыгат да. Майрамдык маанай Кудай буюрса жакшы. Динчилдер эле “майрамдабагыла, макүрөө, күнөө, тозокко түшөсүңөр!” деп коркутуп, маанайды бузуп атканы болбосо... Оюңду ортого салчы, ушуга кандай дейсиң Саке?

-- Бул жөнүндө миң ирет айтылды, жазылды. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” дегендей көрүнүш. Биз светтик өлкөбүз. Бизде мыйзам менен чектелген дин эркиндиги бар. Ар бир жаран каалаган динине ишенүүгө, же болбосо эч бир динге кирбей, эркин болууга укуктуу экенин ачык айта алабыз. 

Биздин элибиздин көпчүлүгү мусулманчылыкты карманып, ошол эле учурда байыркы бабалардан калган, ислам дини чыкканга чейинки, же кийинки башка элдерден, башка диндерден келип кирип кошулган салт-санаа, үрп-адаттарды да жерибей, аралаш карманган толеранттуу элбиз. 

“Жаңы жылды тосуу күнөө, каапырлардын майрамы. Батыштан келген” деп жыл сайын безилдеп чыгып, арадай жерге чарадай чаң салган бир ууч радикал исламисттер гана болбосо, калган жамы журтубуз түгөл жаңы жылды тосуп жатпайбы. Радикалдар пир туткан ислам өлкөлөрүнүн дээрлик көпчүлүгүндө укмуштуудай шаан-шөкөт менен майрамдалып атканы соцтармактарда илинип турса да, болбой эле жыл сайын “сайрай” бергендерди “тоок мээ” дегенден башка арга жок. Бул талашсыз чындык!

Бул майрам Батыштан келбей эле, байыркы түрктөрдөн Батышка барып, бүт дүйнөгө тарап, аяктан кайра кайтып келген байыркы өзүбүздүн бабалардын майрамы экенин да таарыхчылар айтып жатышат. “Накта исламдыкы, же накта бир улуттуку, Батыштыкы, Чыгыштыкы, анык биздики” деген маданият, салт, үрп-адат жок. Баары аралашкан. Миңдеген жылдар бою адамдар көчүп-конуп, соода-сатык, согуш аркылуу катышып, тажрыйба алмашып, жуурулушуп жашап келатат. 

Биз “нукура кыргыздыкы” деген бир сөзүбүздү, же бир салтыбызды изилдеп, каза келсең, же Чыгыштан, же Батыштан, же арабдан, же дагы бир жактан келген болуп чыгат. Же биз жериген кайсы бир элдин үрп-адаты, биз унуткан, башында бизден аларга өткөн болуп чыгат. “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” деген да ошого байланыштуу чыкса керек.

Ар элдин салт-санаасы жаман менен жакшыны ылгоодон пайда болуп, баалуулугуна жараша кылымдарды карыта сакталып, башка элдерге таркап келет. Ошондуктан баардык элдердин, диндердин карманган турмуш эрежелери, салттары, кандай айтканда дагы жалпы адамзат баалуулуктарына кирет жана кабыл алынбаган күндө да, сый мамилеге татыктуу десек болот. 

Баш-отуң менен бир динге, ишенимге кирип алып, ошону гана бир беткей таңуулоо, же жер-жеберине жеткире жерүү, боктоо туура эмес. Ал түркөйлүктүн, караңгылыктын гана белгиси эмес, диндердин саясатташуусунун натыйжасы. Эреже, таңуулоо аркылуу үстөмдүккө ээ болуу, башкарууга катышуу, байлыкка умтулуу, бул бир сөз менен айтсак, арты барып эле жеке кызыкчылыктарга такалат.

-- 2020-жылдын октябрь айындагы ыплас шайлоодон чыккан тополоңдон Сооронбай Жээнбеков бийликтен кулап, бир жыл саясый кризис өкүм сүрүп, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн шайлоо менен жаңы депуттаттык корпус шайланып, бүгүн ант беришип, парламент ишин баштап жатат. Садыр Жапаров “саясый кризис бүттү, токтоду, эми ишке киришебиз” деген сөзүн айтты. Бирок шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп, “жыйынтыгын тааныбайбыз” дегендер дагы деле бар. Сен кандай дейсиң?

-- Узун сөзгө кирсек гезитиңе батпайт, жаңы жыл өткөнчө бүтпөйт. Мен бул жөнүндө бир нече ирет ЖМКларга оюмду билдиргем, андыктан кыска эле айтайын. Нааразычылык ар дайым болот. Нааразы болгондор “идеалдуу шайлоо болду” дегенде да болбой койбойт. 

Өтө ыплас болсо, эл былтыркыдай митинге баштагандарды колдоп чыкмак. Нааразылар утулгандар менен алардын жакындары эле болду. Абдан аз, азчылык. Экинчиден, партиялар урна менен кол санактын жыйынтыгынан дагы өздөрү айтышкандай чоң айырмачылыктарды көзгө сайып факты менен көрсөтө алышкан жок. БШКнын жана ошондой эле журналисттик иликтөөлөрдүн эсебиндеги айырмачылыктар да шайлоонун жыйынтыгын кескин өзгөртө ала тургандай деңгээлге жетпегени көрүнүп калды. 

Айтор, шайладык. Бийлик турукташтыруу кризиси бүттү. Эми бийликтин ишмердүүлүгүнө байланыштуу кризистер башталышы мүмкүн. Каатчылык, кымбатчылык, пандемия алка-жакадан алып турат. “Эшегине жараша тушагы” дегендей, эми жыргалын да, азабын да өзүбүз тартышыбыз керек. “Өз майыбыздын чөбөгөсү”!

-- Салык боюнча жаңы эрежелердин, кассалык аппараттарды колдонуунун киргизилишине нааразы болгондор акцияга чыгышып, ишкерлер, серепчилер ар кандай пикирлерди айтышып, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылганга чейин жетип жатышат. Ушу маселе боюнча кандай ойдосуң?

-- Бизде буга чейинки шарттар бийлик менен байлыгы барлар үчүн гана түзүлүп, алар байыгандан байып, калган калың эл жакырлангандан жакырланып гана келген. Натыйжада мамлекетибиз алсызданып, элибиз итке минген заман орноду. Учурда заман өзгөрүп атат. Азыркы бийликти “жеке керт башынын кызыкчылыгын көздөп атат” деп ким айта алат? Кырдаалды кескин өзгөртүп, карапайым элдин жашоосу оңолушун камсыз кылууга жан үрөшүүдө. Андай болбосо эл тарабынан кандай баа берилерин, эскилердин кейпин кийишерин билишет. Буларда башка жол жок. Эл да ошону сезген үчүн колдоп турат. 

“Кассалык аппаратты орнотуп иште, 8 миллион сомго чейин киреше тапсаң салык төлөбөйсүң, андан ашсаң салык төлө” дегенден кимдер качат? Албетте, 8 миллион сомдон көп киреше алып, бирок патент менен аз көлөмдө акча төлөгөндөр нааразы. Салыктын баары эле товарга, кызматка кошулуп элдин чөнтөгүнөн келет. Эл, мамлекет бар үчүн ишкерлик кылышып, пайда таап жатышкандан кийин, алар да мамлекетинин өнүгүүсүнө, бакубат жашоого салым кошууга умтулушуп, элдин, өзүнүн, бала-бакырасынын келечегин ойлошсун да.

Өнүккөн өлкөлөр, ошол эле скандинавия өлкөлөрүндө 60-80% салыктарды төлөшөт экен. А биз жеке кызыкчылыктан чыкпай, 30 жыл бою жалаң чоңдор менен байларга ыңгайлуу салыктарды кабылдап, чет элдиктерди салыктан бошотуп, пайданы бөлүшкөнгө маш болуп келдик. Эми өмүр бою ушу бойдон калалыбы? Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи планга коюлуш керек да.

Нааразычылыктарды ырбатпаш үчүн, балким, салык төлөөчүлөрдү тыкыр иликтеп, өтө ири, орто, майда соода жүгүртүүсү барларга бөлүп туруп, бир четинен, ирилеринен баштап этап менен баштаганда туура болмок деп ойлойм. Болбосо, азыр чоң дүң соода жүгүртүүсү барлардын айгагы, уюштуруусу менен ити-кушу аралаш баары көтөрүлүп жатышат.

Андан сырткары, реформаны жүзөгө ашырып жаткандардын баары баягы эле элге таанымал эскилер болгону да элди шыкактаганга шылтоо болчу тезистерди чүргөгөнгө шарт түзүп, элдин башын айландырууга ыңгайлуу болууда. Ошон үчүн “Акылбек Жапаров кетсин” дегенден баштап, эскилердин баарын тындым кылуу сунуштарына чейин айтылууда. Эскилерди бүт айдап жолго салып, эч тажрыйбасы жок жаңыларды алып келүү менен маселе чечилеби? Аңгектен качып дөңгөккө туш келебиз! “Эски” дегендердин тажрыйбасын колдонуу керек. Шанс берилсе, алар ошого шыктанышып, кырдаалды оңдогонго болгон аракеттерин жумшап беришсе, көп жылдан берки жабышкан жаманаттылыктан кутулууга да жол ачылат. Алар эмне, өзүлөрүнүн укум-тукумуна да өнүккөн мамлекет, бакубат жашоо керектигин билбейт дейсиңерби? Билет. Башка жол жок. 

30 жыл сазга батканга ар кимибиздин салымыбыз бар. Колубуз менен жасаганды мойнубуз менен тартып, эмоция менен желпилдегенди токтотуп, жалпылап аракеттенүү аркылуу гана саздан суурула алабыз!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер