Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өзүн Илон Маск элестеткен Илим Карыпбековдун акылына ким муктаж?

Өзүн Илон Маск элестеткен Илим Карыпбековдун акылына ким муктаж?

12-август, 08:30
729 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Биздин коомдо өзүн өтө билимдүү, жогорку маданияттуу эсептеген, башкалардын баарын өзүнөн төмөн санаган бир Илим Карыпбеков деген “легендарлуу” адам бар. Чын эй, Илике өзүн тим эле Илон Масктын деңгээлиндеги адам катары көрсөткүсү келет. Айылдагы мектепти бүтүп келип эле орус тил, аңглис тилди “сокур ит бок жалаганча” эле өздөштүрүп жиберип, “окумуштуулугу” артып, “чилистен” болуп кеткенин айтып мактангандан тажабайт. А чындыгында өмүр бою судья болуп эмгектенген апасы Айжамал Ажибраимова окутуп-чокутуп адам кылганын айткысы келбейби? Студент кезинде раматылык Темир Жумакадыров менен дос боло калып, анын аркасы менен БУУнун (ООНдун) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн аймактардагы волонтёру катары эмгек жолун баштаган. Андан кийин эптеп жолун таап, Жаныш Бакиевдин этегине эрмешип, президенттик аппаратта кагаз ташып иштеген. 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин кыска мөөнөткө “Мегаком” компаниясынын жетекчиси боло калды. Ал жерден тез эле куулуп ишсиз калганда, Чолпон Орозобекованын “Де-Факто” гезитин сатып алып, аны курал кылып бийликке жол таап, “Манас” аэропортунун менеждери болуп ишке кирген. Түшүнүктүү тил менен айтканда, ошол кездеги аэропорттун жетекчиси Албек Ибраимовдун “жүгүрүгү”, жымсалдап айтканда, анын аткаруучу директору кызматын аркалаган. Андан кийин КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы, андан бат эле КТРКнын башкы директору болду. Айтор, Алмазбек Атамбаевдин доорунда майкөл-сүткөлдө эле жүрдү. Азыр жумушсуз, соцтармактарда блогерлик кылып жан багып келе жатат. Жөн эле блогер боло бербей, ар кимге кашынат, акылы жетпеген нерсеге деле пикир жазып жарыялай бермей оорусу бар. Ага бирөө таңсык болуп аткансып, акыл үйрөтөт, заманбап тил менен айтканда, тренинг өтөт. Карап отуруп күлкүң келет. Анан кызмат үмүт этеби, бийликти аябай мактагандан тажабады. И, баса, мындан эки ай мурун “Роял” деген курулуш компаниясын жарнамалап берем деп андан акча алып, Эверест чокусуна чыгып келди. Андан эмне өзгөрүп, каягына мүйүз чыкканын билбейбиз... Эми эки сөзүнүн биринде тиги компанияны мактап отурат. Илим Карыпбеков мактаса эле элдин баары агылып барып, ошол компаниянын үйүнөн батир сатып ала тургансып, аны пиар-менеджер кылган, ошону бетине кармап жырыя берген, ток этерин айтканда, Илимге күнү түшкөн “Роялдын” деле абалы чатак окшойт. Айтор, кызматсыз жүрүп эриккен Карыпбековго жумуш берип койбосоңор, бийликтикин “жалтырата” жалай берип тили жоорумай болду... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер