Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамлекеттин кызыкчылыгынан Нурлан Сулаймановдун таасири жогору турабы?

Мамлекеттин кызыкчылыгынан Нурлан Сулаймановдун таасири жогору турабы?

31-июль, 11:29
321 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга аралашкан чиновниктерди кууп жүрүп жазалай турганын айтып чыкканын баарыбыз уктук. Коомчулук ишенүүдө. Эмесе, бир олуттуу мисалдан келтирели. Эске салсак, прокуратура Нурлан Сулаймановдун кызмат абалынан кыянат пайдаланганын, коррупцияга белчесинен батканын аныктап чыккан. Министр кезинде мамлекетке 200 миллион сомдон ашуун зыян келтиргенин ачыктап, кылмыш иштерин козгогону эсиңердеби? Бирок айлакер Сулайманов кылтакка илинбей качып кеткен. Чет өлкөдө “чыйт” түкүрө жүрүп, убакыттын өтүшү менен былыктарын жаптырып, кийин келип алганын билебиз. Уурдаганынан кыйла ооз басырык кылганбы? Мурдагы бийликтердин учурунда калканч таап, түрмөгө түшпөй, “куспай” келсе, учурда да эч кимди тоготпой, өкмөттүн кеңешчиси катары өз билгенин кылып жүрөт. Өтүгүн төргө илип... Коомчулукта Камчыбек Ташиевдин соңку билдирүүсүнөн кийин үмүт жаралды. Коррупцияга баткан, жеп-ичкендерди убакыт өтсө да катуу жазалай турганын ишенимдүү түрдө айтпадыбы! Натыйжада, Нурлан Сулаймановду Кудай алдында камап, мамлекеттин казынасына уурдаганын беш эсе “кустурабы”? Эгерде эрктүүлүк менен мындай вазыйпа иш жүзүнө ашса, анда чын эле коррупцияга каршы күрөшүү жанданып, Камчыбек Ташиевдин саясый бедели көтөрүлүп кетмек. Ооба, элибиз реалдуу кадамдарга басым жасайт эмеспи. Күтө туралы. Мамлекеттин кызыкчылыгынан Нурлан Сулаймановдун таасири жогору турбаса керек... Же?.. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер