Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Проректор Садык Алахан табыпты кантип сынчыга айландырды?

Проректор Садык Алахан табыпты кантип сынчыга айландырды?

24-январь, 14:45
1 066 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адабиятчы Садык Алахан жазуучулардын съездинде доклад жасап, А.Муратов, Б.Акматов, А.Медетов, Б.Турдубаевдерди активдүү иштеп жаткан сынчылар катары атады. Съездге катышкандар “бул эргул досторун көтөрмөлөп, аларга тартканын койбой баягы Арабаев университетинде жүргөндөй өзгөрбөй калган турбайбы, илимдин доктору, проректор болгону менен мурдагы даража, наамдарга жетпей жүргөн учурунда кандай болсо, ошол баягы Садык Алахан боюнча калган турбайбы?” деген ой калды. Азыр сын айдыңында филология илимдеринин докторлору Үмүт Култаева, Айнура Кадырмамбетова, Аида Эгембердиевалар жакшы иштеп, жакшы макалаларды жазып, жарыялап жүрүшөт. Алахан аларды эмнеге атагысы келбейт? Эмне үчүн сын жазган кыз-келиндердин эмгегин баалабайт? Аты аталган сынчылардан береги кыз-келиндер кем калышпай жазып жатышат, керек болсо илимий даража жагынан да жогору турушат, Алахан мактаган жогорудагы сыңар өтүгү майрык сынчылардын биринин да филология илимдеринин доктору (!) деген наамдары жок. Болот Акматовду тар чөйрө сынчы эмес, табып катары билет. Ал күнүнө 200дөй киши кабыл алат, баргандар 100-200 сомдон таштайт, фармацефт болуп өзү жасаган дарыларын пациенттерине кымбат баада сатат. Болот Акматов дарыгер, табып, медицина тармагында бизнес жасап жүргөн неме, анын таланты ошол жактан ачылган. Дарыгер-бизнесменди сынчы кылып көрсөткөнгө Садык Алахан эмнеге жанталашып жатат, ага эмне күч келди? Балким, Садык Алахан ооруп калып, Болот Акматовго барып, дарыланып жүргөн болсо, жакшылап карасын (!) деп колдон келип турганда тизмеге кошуп, съездде атын чыгарууга максаты болсо, анда Ж.Баласагын атындагы КУУ жыргап калыптыр...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер