“Манас” эпосун кантип жандандырабыз?


Бишкекте 2-3-декабрда “Манас” улуттук академиясы тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата уюштурулган Манас таануучулардын республикалык форуму болду. Форумга Кыргызстандын 7 облусунан 70тен ашык мугалимдер, 30га чукул окумуштуулар катышты. Форум жер-жерлерден келген агартуучуларды шыктандырып, улуу баян тууралуу укмуштуудай маалыматтар берилди. Андан тышкары, форумдун катышуучулары парламентке барышып, Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева, Мирлан Самыйкожо жазган “Манас” эпосу жөнүндө мыйзамды талкуулоого катышышты. Андан соң “Манас” улуттук театрынан «Тайтору» спектаклин көрүштү.
Азиз БИЙМЫРЗА уулу, “Манас” улуттук академиясынын директору:
-- Азиз, Манас таануучулардын форуму максатына жеттиби?
-- Манас таануучулардын форуму максатына жетти. Форумдун негизи максаты – жер-жерлерден келген мугалимдерге “Манас” эпосун жалпы журтка жеткирүүгө жаңы ыкмаларды, инновациялык технологияларды, көндүмдөрдү, усулдарды колдонууну үйрөтүү болчу. Анткени, ушул убакка чейин “Манас” эпосун окутуп келген мугалимдер балдарды өздөрүнүн алынын жетишинче окутуп келишкен. Бүгүнкү форум мугалимдердин окумуштуулар менен пикир алышканына шарт түзгөн аянтча эле. Форумдун катышуучуларында жетиштүү табылгалар, жаңы көз караштар пайда болуп, жандуу презентациялар менен коштолду. Мугалимдер Манастын айланасында болуп жаткан жаңылыктардан кабар алышты. Эң башкысы, Манас таануучуларды түшүнгөн, тарапташ бар экенин, борбордо аларды ойлогон мамлекеттик илимий мекеме коштогонун сезишти. Жогорку Кеңешке барып, “Манас” мыйзамы боюнча сунуш-пикирлерин беришти. Мектеп программасына Манас таануу сабагын киргизүү зарылдыгын, бул багытта предмет болуп кирбей жатканын, сааттардын азайганы, ийримдердин жоюлганы көп көйгөй жаратып жатканын айтышты. Окумуштуулардын “Манас” эпосу боюнча таасирдүү кептери дагы форумдун максатына жеткенин айгинелейт деп ойлойм.
-- Форумда берилген сунуштар, айтылган сөздөр кагаз жүзүндө калып калбайбы?
-- Кагаз жүзүндө калбайт. Ар бир мугалимдин, окумуштуунун берген сунуштарынын баары жазылып алынды. Ал сунуштарды “Манас” академиясы көз жаздымда калтырбайт. Буюрса, ар бир сунушту ишке ашырууга болгон күчүбүздү жумшайбыз. Кудай буюрса, Тынчтыкбек Чоротегин агайыбыз айткан окумуштуулардын дагы Манас тууралуу жазгандарын кыргыз тилинде котортуунун аракетин көрөбүз.
Советбек Байгазиев, Абдылдажан Акматалиев жана Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев агалардын берген сунуштарын эске алабыз. “Манас” эпосун дүйнө коомчулугуна жайылтабыз. Манасты сиңирүүнүн жолдорун иштеп чыгабыз.
Назира ААЛЫ кызы, “Манас” улуттук академиясынын орун басары:
-- Эмнеге форумудун эн белгисине күн балдарын тандап алдыңыздар?
-- Илим, билим “Манас өзү айың менен күнүңдүн бир өзүнөн жаралган” дейт. Биздин бабалар асканын бетине күн башты чегип кетишкен. Күн баш – нур чачуучу жарык. Агартуучулар, Манас таануучулар мына ошондой нур чача турган, жарык берген ниет менен күн башты эн белги катары койдук. Ошондой эле форумдун катышуучулары тагынып жүргөн бейжиктерди дагы кереге көздөн алдык. Анткени, ромбик дагы кыргыздын эн белгилеринин бири. Форумдун катышуучулары эн белгилерди чечмелеп айтып бергенибизде “баарын кылдаттык менен ойлонупсуңар” деп абдан ыраазы болушту.
-- Мындан ары дагы Манас таануучулар менен байланыш уланабы?
-- Албетте, уланат. “Манас” улуттук академиясынын алдында булардын кошууну түзүлдү. Манас таануучуларыбызды кошуунга мүчө кылып каттап, күбөлүгүн жана төш белгисин тапшырдык. Форумдун катышуучулары тастыктамаларын алгандан кийин “Күн балдары” деген ыр менен жыйынтыктадык. Ошондой эле бирдиктүү маалымат болсун деп атайын топ түзүп, ал жерде мугалимдер өздөрүнүн ачык сабактарын жана Манасты жайылтуу боюнча жүргүзгөн тарбиялык иштерин бөлүшө турган болушту. Жер-жерлерден келген агартуучулар таасирленишип, өтө жакшы мотивация алып кетишти. Эң башкысы, Манас таануучуларыбыз “президенттей тосуп алдыңар” деп ыраазы болушту. “Буга чейин Манас таануучу карапайым мугалимдерге мындай мамиле болгон эмес. Түш көргөндөй таркай албай жатабыз” дешти.
Жанара АЙТБЕКОВА, Балыкчы шаарынын Ак-Өлөң айылындагы Саякбай Каралаев орто мектебинин мугалими:
-- Форум жугумдуу болдубу?
-- Форумдан руханий байлык топтодум жана сөз менен жеткире албаган дем-күч алдым. Мындан ары дагы “Манас” академиясы менен кызматташам деген ниеттемин. Балдарга Манасты мындан да жакшы окутам, жигердүү кызмат кылам деп турам.
Саякбай Каралаев атабыздын 130 жылдыгына карата классым менен "Аян" аттуу кыска метраждуу тасма тартканбыз. Андан кийин Айнура аттуу кыргыз тилчи мугалим экөөбүз аудиокитеп жазуу долбоорун иштеп чыкканбыз. Учурда “Манас” эпосу – математикада" аттуу кыскача доклад жазып жатам. Эң башкысы, “Манас” улуттук академиясы биринчиден болуп биздин мектепти пилоттук мектеп катары алууну сунушташты. Бул сунуш мени огобетер кубантты.
Лаззат БЕШКЕМПИРОВА, Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылынын мугалими:
-- Манас айтуу балдарды эмнеге тарбиялайт?
-- Манас айтуу – эң биринчи эне тилинде эркин, таза сүйлөөгө өбөлгө түзөт. Манасты окуган, Манас айткан баланын сөз байлыгы көбөйүп, чечен болуп чоңоёт. Манас айтуучулук балага дем, дух берип, өзүнө өзү ишенүүгө, турмушка да ишеним менен кароого үйрөтөт. Эң башкысы, Манас айткан бала ылдый карабай, кандай кыйынчылык болбосун тике карап, ар-намыстуу, абийирдүү болуп чоңоёт. Ошондой эле Манас айткан бала акыл казынасы кең, логикасы күчтүү, билимдүү, зирек жана мамлекетчил болот. Кыргызга, Манаска кызмат кылат. Ошон үчүн Манасты даңктап, балдардын жүрөгүнө жеткирип тарбиялоо – ар бирибиздин милдетибиз деп ойлойм.
"Манас" эпосу – баатырлыктын, кыргыз элинин духун, күчүн, салт-санаасын сактоодогу бай тарыхыбыздын жана маданияттын символу. Ошон үчүн "Манас" тууралуу билимдер өрчүшү керек деген ойдомун.
Байас Турал, тарыхчы:
-- Манас таануучулардын башын бириктирген форум максатына жеттиби?
-- Манас таануучулардын башын бириктирген форум өз максатына жетти. Форумдун уюштуруу иштери жогорку деңгээлде болду. Манас изилдөөчүлөр менен окутуучулар бир сыйра бири-бирин көрүшүп, “көп эле адам бар турбайбы” деп көңүлдөрү толо түшүштү. Айрыкча жаштардын иштери баарыбызга жакты.
-- Манасты сиңириш үчүн, балдар кыргыз экенине сыймыктаныш үчүн дагы эмнелерди жасашыбыз керек?
-- Манасты элге сиңирүүдө окуу китептерин жазып, мектептерге жана жогорку окуу жайларына киргизиш керек. Ал боюнча мектептерде окуучулар, ЖОЖдордо студенттер экзамен тапшырышы шарт. Манас академиясы 60-70 пайыз илимий изилдөө иштери менен, 30-40 пайыз жайылтуу, которууда иштеши парз. Изилденбей, символдор чечмеленбей туруп, кантип аны дүйнөгө жайылтабыз? Мисалы, "Иллиада" менен "Махабхаратты" эпикалык чыгарма катары окуйбуз, бирок аны толук түшүнбөйбүз. Андагы тарыхты, тилди, дүйнө таанымды, символдорду, каймана тексттерди түшүнүш үчүн илимпоздордун изилдөөлөрүн окуш керек. Комментарийи менен 15 беттен турган "Игордун кошууну" деген орустун чакан эпосун изилдегендердин саны 250 адамдан ашат экен. Биздин океандай болгон эпосту изилдеген адамдардын саны 20га жетпейт, көзү өтүп кеткендерин кошкондо. Якутияда жалаң олонхолорду изилдөө үчүн атайын илим изилдөө борбору түзүлгөн, ага Россиянын бюджетинен жылда 29-35 миллион рубль бөлүнүп турат.
"Азия Ньюс" гезити











