Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айылчы Сарыбаев: “Эл кымбатчылыктан дагы көпкө кыйналат”

Айылчы Сарыбаев: “Эл кымбатчылыктан дагы көпкө кыйналат”

08-апрель, 19:44
1 257 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азык-түлүк, күйүүчү майдын кымбаттоосу токточудай түрү жок. Кымбатчылыкты ооздуктап, экономикалык жылыштарды жасаса болбу? 

-- Мамлекеттик тескөө, жөндөө жок. Мамлекеттик жөндөө аппараты иштебейт. Иштеткенди билишпейт же атайын иштетишпейт. Эл дагы көпкө кыйналат. Мамлекеттин башкаруу деңгээли начар. Экономикалык рычагдар пайдаланылбайт. Атайын жөндөөчү мыйзамдар кабыл алынган эмес. Биздин мамлекетте башаламандык кандай болсо, бааларды тескөө, экономиканы жөнгө салуу да башаламан. Андыктан бул көрүнүш улана берет. Ким кандай кааласа ошондой бааларды коё берет. Аны “кой, ай” деген киши жок. Антейин десе бензин, нефть ж.б. баарын тескей турган адамдар мамлекеттин башында отурушат. Алардан түшкөн чоң пайдалар ошолордун чөнтөгүнө кетет. Мамлекетке кетпейт. Баалар канчалык көп өссө, алар байыйт. Ошон үчүн дүкөндөгү азык-түлүктөр, тарифтер көтөрүлүп жатат. “Электр энергиясын көтөрөбүз” деп жатышат. Күйүүчү майлар кымбаттайт. Ар ким өз каалаган бааларды коюп байый берет. 

-- Мамлекет тарабынан, жаңы бийликтен экономика боюнча кеңешчи болушуңузду суранган сунуштар болдубу?

-- Болсо да ал жаштан өтүп кетти. Ансыз да өз кеңешимди ар убак гезиттерден, телерадиолордон, социалдык тармактардан жарыялап турам. Эгерде алардын кичине түшүнүгү болсо, ошол жактан деле алса болот. Буларда андай түшүнүк жок. Ар ким өзүнүн досун, өзү каалаган адамын кызматка коюп жатат. Алар маселе чечип жатабы, бир Кудай өзү билет.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер