Акыркы кабарлар
» Коом » Израилдин тургундарынан коронавирустун жаңы түрү табылды
Израилдин тургундарынан коронавирустун жаңы түрү табылды
16-март, 19:11


Израилге келгенден кийин эки туристте коронавирустун жаңы штаммдары аныкталды. Бул тууралуу Yediot Ahronot гезити өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты.
Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө келген жүргүнчүлөргө тест жасаганда “омикрон” варианты менен анын BA.2 түрүнүн айкалышы болуп көрүнгөн жаңы вариант табылганын билдирген.
Басылма белгилегендей, инфекция жуккандар дене табынын көтөрүлүшү жана баш оорусу түрүндөгү жеңил симптомдор байкалган. Бирок алар атайын медициналык жардамга муктаж эмес.
Иммунолог, Бар-Илан университетинин профессору Кирилл Коэн коронавирустун жаңы версиясы башка штаммдарды сүрүп чыгарышы күмөн экенин белгиледи. Ал кошумчалагандай, "омикрон" менен ооругандар вирустун бул түрүнө салыштырмалуу иммунитети бар.










