Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » КПФ төрагасы Мирбек Асанакунов чыр-чатактан качан арылат?

КПФ төрагасы Мирбек Асанакунов чыр-чатактан качан арылат?

06-декабрь, 12:08
647 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КСДПчы Мирбек Асанакунов Кыргызстан профсоюздар федерациясын жетектегенден бери артынан жакшы сөз угула элек. Бул кызматка келгенден бери Кыргызстандын кайсы гана булуң-бурчуна жайгашкан курорттор болбосун, банкротко айлантып, менчикке өткөрүү амалын издеп келерин айтышууда. Же болбосо жетекчисин кайсы бир себеп менен ээрден шыпыра салып, өз кишисин жумушка орноштуруу айласын табат имиш. 

Ыңгайы келип турганда суроо жолдойлу. Мирбек мырза, бирдеме болсо эле Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоосунда иштеп бергениңизди колко кылып, эч кимди теңсинбей, депутат аялыңыз Гүлкан Молдобековага таянып, анын таасириндеги байланыштары менен мактанып, системаны кризиске кептеп койгонуңуз чынбы? 

Негизи бул эргул Атамбаевдин кадры экенин унутуп койсо керек. А кишинин учурунда кайсы кызматтарга барып, анан кантип Ысык-Көл губернаторлугунан шыпырылып калганын эсинен чыгарып койгонбу? Биздин редакцияга Мирбек Асанакуновдун туура эмес жасаган иштери боюнча олчойгон документ-кагаздар мурдатан эле келген жана келип жатат, аягы качан токтойт белгисиз. Бир сөз менен айтканда, федерация кожоюнунун былыгы чыкканы калды окшойт. А баса, Мирбек Асанакуновду Бишкек шаардык соту 31-октябрда кызматка мыйзамсыз келгени тууралуу экинчи жолу чечимин чыгарса да негедир Жогорку соттон бүдөмүк кагаз апкелип, кызматтан кетпей көшөрүп отурганы эмнеси? Бу жагы бизге да түшүнүксүз... 

Ток этери, канча жылдан бери КПФнын айланасында жаңжалдар, чуулгандуу окуялар токтобой келет. Бизде мамлекет барбы? Бул жаатта качанкыга чейин мышык-чычкан ойнойбуз?..


Бекбол АЙДАРОВ

 "Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер