Дүйшөн Камчыбеков: “Бүгүнкү күндө Кумтөр боюнча ачык маалымат жок”


Тоокенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы менен маек.
-- Учурда Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр, келишимдер ачыкка чыкпай турат. Кандай иштер, чечимдер болууда?
-- Кумтөр маселесин учурда биз деле аябай кызыгуу, көңүл буруу менен карап жатабыз. Тилекке каршы, Жогорку Кеңеште каралган, өкмөттүн кабыл алган токтому дагы купуя сыр менен “жашыруун” деп каралган экен. Ал жерде кандай шарттар коюлганын адис катары толук кандуу көрүп, таанышкандан кийин гана пикирлерибизди билдирсек болот. Бүгүнкү күндө мурунку эле айтылып жүргөн маселелер ачыкка чыгып жатат. Себеби, “Центерра” сөзсүз түрдө Кыргызстандагы үлүшүн “бизге бересиңер” деп айтат болуш керек” деген ойдо болчубуз. Бирок, бүгүнкү күндө толук кандуу маалымат жок. Бир гана нерсесин белгилеп айтсак болот, Кумтөр долбоорунун Кыргызстанга өткөнү – бул негизи жакшы белги, жакшы көрүнүш. Кумтөр кени дагы көп жылга чейин иштеп бериш керек деп турабыз. Ошол ойду кыйналткан бир катар жагдайлар бар: ошол эле корлору боюнча дагы канча жылга иштете алабыз? “Подземкага өтөбүз” деп жатышат, ал кандай болот? Иштетип кете алабызбы? Ушул сыяктуу суроолор көп. Толук маалыматтын жоктугунан, сунуш-пикир айта албай, ачыкка чыгарын күтүп жатабыз.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











