Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан Казакбаев – кумдун арасына катылган алтындай баалуубу?

Руслан Казакбаев – кумдун арасына катылган алтындай баалуубу?

31-октябрь, 20:26
631 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Руслан Казакбаев мамлекеттик кызматта иштеп, таман акы, маңдай тери менен өсүп, бышып жетилип, анан чоң саясатка келди. Ал адал эмгектенип, өлкөгө ак кызмат кылды, коррупция гүлдөп, мамлекеттин казынасын “аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабайт” деген Акаев заманында да күмөндүү иштерге аралашкан жок, таза бойдон калды.

Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы генералдык консулу болуп иштеп, түрк инвесторлорун Кыргызстанга тартып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошту. Андан кийин тышкы иштер министри болуп турганда Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрдү. КМШ мамлекеттери, Шанхай кызматташтыгы, ЕБ өлкөлөрү менен жигердүү иш алып барып, кошуна өлкөлөр аралык байланыш бекемделип, Россия, Кытай сыяктуу стратегиялык өнөктөштөргө мамиле тереңделген. Кандай учур болбосун ал өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргоп, жан тынымын албай, каруусун казык кылып иштеп берди. 

Руслан Казакбаев “Республика” партиясын негиздөөчүлөрдүн бири. 2010-жылдан бери партиянын калыптанышына, өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, партиянын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, ийгиликтерине кубанып, кыйынчылыктарын бирге көтөрүшүп, сөзү менен иши айкалышкан саясый лидер катары чаалыкканды билбей элге кызмат кылып иштеп келатат.

Анын мамлекетчил сапаты эл аралык мамилелердин казанында кайнап жүрүп калыптанган. Ошон үчүн ал Жогорку Кеңеште депутат катары да мамлекеттик иштерге көп көңүл буруп, олуттуу маселелерди көтөргөн. Өткөн жылы эле болуп өткөн ЕАЭБдин кезектеги жыйынына ошол кездеги вице-премьер-министр Ж.Разаков жетектеп барган делегация алып барган бир да долбоорун өткөрө албай, өлкөгө куру кол кайтканына кейип, парламентте Руслан Казакбаев: “Биздин делегация ЕАЭБдин жыйынына жөн эле конок катары барып келди. Булар алып барган бир да долбоор каралган жок, өткөн жок. Себеби, эл аралык деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө буларда компетенттүүлүк жетишпейт. Жолугушууга делегация эч даярдыксыз барган, өнөктөштөр менен күн мурунтан сунуш кыла турган маселелер боюнча макулдашуулар болгон эмес. Ошон үчүн алардын долбоору өтпөй калды. Булар каратып туруп өнөктөштөрдүн алдында биздин өлкөнүн аброюн түшүрүп жатышат. Ошондуктан, мындай жооптуу иштерге   делегацияны жакшылап даярдап, өлкөнү уят кылбагандай кылып жөнөтүш керек” деп кемчиликтерди көзгө сайып көрсөтүп, өкмөткө сын айтып, катуу талап койгон. Минтип мамлекеттин ишине күйгөн киши гана чырылдап айтат. Болбосо, оозун ачкан бир делегация Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой албай, куру кол кайтып   келгени менен кимдин иши бар?    

Ал депутат катары да жигердүү иш жүргүзүп, коомго керектүү мыйзамдарды даярдап келатат. Элдин көкүрөгүн өйүгөн маселелерди көтөрүп, өкмөткө катуу талап койгон принципиалдуу, нарктуу депутаттардын бири болду. Мамэкотехинспекциядагы, архитектурадагы коррупциянын бетин ачып, Бишкекте жүздөгөн көп кабаттуу үйлөр курулуш нормалары боюнча туура эмес салынып, коопсуздук жагынан күмөндүү экендигин да Казакбаев айтып, парламентте маселе көтөрдү. Ал эми курулуш фирмалары жалган келишимдерди түзүп, жүздөгөн жарандарды алдап, көз боёмочулук кылып жаткан кыңыр ишти да Р.Казакбаев бетин ачып, жарандардын таламын талашып, чындык үчүн күрөшүп келген. 

Ар дайым эл арасында жүрүп, элдин камын ойлогон Руслан Казакбаев таажылуу вирус пандемиясы жаңы башталып, жайыла баштаганда эле мигранттардын маселесин көтөрүп, ЕАЭБдин алкагында өнөктөш өлкөлөр Россия, Казакстан менен макулдашып, биздин мигранттар өз жерине тоскоолдуксуз кайтып  келиши үчүн “жашыл коридор” ачуу зарылдыгын 15-апрелде эле парламентте  айтып, маселе көтөргөн. Маселе чече албаган өкмөттүн айынан кыргыз мигранттары Россия менен Казакстандын чек арасында мамлекети жок цыган таборуна окшоп, арып-азып, бир айлап, ачык асман алдында жатканына бүт дүйнө көз салып карап турду. Мигранттардын мекенине кайтып келүүсү дагы деле чечиле элек проблема, жүз миңдеген мигранттар Россиядан келе албай, азып-тозуп жүрүшөт.  

6-чакырылыштагы парламентте элге окшоп маршрутка, автобус, троллейбуска түшкөндөн арданган Камчыбек Жолдошбаев, өзүн элден жогору коюп, “элитамын” деп эдиреңдеген Кожобек Рысбаев, “мамлекеттик кызматта улуу-кичүү болбойт” деп улуттук каада-салтты тебелеп, дөгүрсүгөн Мирлан Бакиров сыяктуу кокуй депутаттардан башка да, жазып берген тексти жөндөп окуп бере албаган сабатсыздары канча? “Макалё”, “Сексалю” деген каймана аттарга ээ болгондор көпчүлүктү иренжитишти. Ошон үчүн бул парламент “базарчылардын парламенти” деп да айтылып жүрөт. Бирок ошол сабатсыз, билимсиз, парламентке акчанын күчү менен келген депутаттардын ичинде Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу билимдүү, нарктуу, сөзү менен иши айкалышкан, адам катары да, саясый, мамлекеттик ишмер катары да репутациясы таза, эл алдында жүзү жарык депутаттар да бар. Алардын бири кумдун арасындагы алтынга окшоп, “Республика” партиясынан “жылт” эткен Руслан Казакбаевди кантип унутабыз?.. 

Тажрыйбалуу дипломат, дасыккан саясатчы Руслан Казакбаев тышкы иштер министри болуп дайындалар менен жеңин түрүнүп ишке киришип, Россиянын, Кытайдын, Казакстандын элчилерин кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, коррупциялашып, кадыры кеткен өлкөбүздүн аброюн көтөрүүгө аракет кылып, укуктук талаадан чыгып кеткен өлкөнүн укуктук нукка түшкөнүн далилдеп, өнөктөштөрдү жигердүү кызматташууга чакырып, каруусун казык кылып иштеп  жатат. Россияга жумушчу сапар менен барып, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү бийик деңгээлде жүргүзүп, Кыргызстанда легитимдүү, эл ишенимине ээ болгон бийлик аракетин далилдеп, өлкөбүздүн аброюн көтөрдү. Ушундай өз ишинин устаты болгон, патриот жетекчилер гана Кыргызстанды кризистен чыгарууга көмөктөшүп, өз салымын кошо алат.


Аскар Медетов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер