Бишкек ЭЭАнын жетекчи сөрөйүнүн кутурганы желдей тарады
“СЭЗдин башчысы Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылыптыр. Алтын чайкоочу жашыруун цехи ачыкка чыкканда шашып айдаган окшойт да”, Кудрет кутурду” дегендей кептер социалдык тармактардан желдей тарап, "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылганын жазып, окуянын сүрөттөрүн жарыялашты.
Интернетке тараган кадрлардан жолтандабас менен жеңил автоунаа жабыркаганын көрүүгө болот. Милициянын Кайгуул кызматы окуя 25-январда, түшкү саат 12:45 чамасында болгонун билдирди.
Эки автоунаа тең убактылуу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын себептери такталып жатат. Бул кырсыкка улай эле бажы кызматынын жана “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын кызмат адамдарынын колдоосу менен “Бишкек” ЭЭАнын аймагында уруксат берүүчү документтери жок жеке фирмалардын бири уулуу заттарды колдонуу менен техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузуп, курамында алтынды камтыган кендерден алтынды бөлүп алуу боюнча көп убакыттан бери мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүп келгендиги тастыкталды.
“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, удаа катталган бул эки окуя эл айткандай Кудрет Тайчабаровдун кутурганынын белгисиби?
"Азия Ньюс" гезити