Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас Саматов: “Өлкөдө хаос. Элибиз көрүнгөн саясатчыны ээрчип, ушак менен убара”

Манас Саматов: “Өлкөдө хаос. Элибиз көрүнгөн саясатчыны ээрчип, ушак менен убара”

22-ноябрь, 00:35
1 170 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айыл чарбасы өз максатын аткарууда кандай мүчүлүштүктөргө жол берүүдө?

-- Айыл чарба тармагынын бир эле максаты бар – башка өндүрүштөр сыяктуу эле киреше табуу. Айыл тургундарынын, ар бир үй-бүлөнүн туруктуу акча табуу булагы болушу шарт. Бирок, иш жүзүндө андай болбой жатат. Жумушсуздук каптап кетти айылдарыбызды. Жерди натыйжалуу пайдалана албай келатабыз. Тармакты жетектей билген адис иштебейт. Адистер бар болгону менен тармак саясатчылардын колунда.

--Айыл чарба тармагында алектенген жеке ишкерлердин эң көйгөйлүү маселелери катары эмнелерди билесиз?

-- Фермерлердин негизги көйгөйлөрү – бул алардын укуктук статусунун болбогону. Мамлекетке карай мамилесинин натыйжалуу формуласынын жоктугу.

-- Бул тармакка жаңы министр дайындалды. Анын айыл чарбасын жөндөп кетүүгө болгон кадамдарын байкадыңызбы? 

-- Жаңы министр аябай аракет кылып жатат. Башка маалыматым жок болгондуктан, азырынча бир тыянак чыгаруу эрте.

-- Азыр азык-түлүккө болгон баанын кескин түрдө жогорулашын көрүп атабыз. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жагдайлары барбы?

-- Туура, азык-түлүккө болгон баалар өсүүдө, дагы да кымбаттайт. Фермерлер шаардыктарга бекер азык-түлүк жеткирип берип турушу милдеттүү эмес. Малчы-дыйкан да өз өндүрүшүнөн киреше таап, бала-бакырасын багыш керек. Ансыз деле айылда рентабелдүү өндүрүштүн үлүшү өтө аз.

--Элге бак өстүрүү, түшүмдү мол алуу тууралуу кандай кеңештерди бересиз?

-- Эл, айыл тургундары саясаттан алыстап, илим-билимге таянып, жаңы технологияларды үйрөнүп иштей баштаганда гана алга жылыш болот. Өлкөдө хаос. Тилекке каршы, эл да көрүнгөн саясатчыны ээрчип, ушак менен убара. Ал эми бак тигүүнүн сырларын биз колубуздан келишинче жайылтып келе жатабыз.


Мээрим Асанова

 "Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер