Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Мукашев: “Акыркы жылдары мөңгүлөрдүн аянты 25-30%га чейин азайып калды”

Азамат Мукашев: “Акыркы жылдары мөңгүлөрдүн аянты 25-30%га чейин азайып калды”

26-ноябрь, 19:11
1 400 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары менен маек.

-- Кургакчылык, суунун тартыштыгы боюнча алдын алган иштер жүргүзүлүп жатабы?

-- Өзүңүздөр билесиздер, ноябрь айынын башында Глазго саммитине көп өлкөлөр катышып, президентибиз да барып, көп сунуштар болду. Кыргызстан өтө муктаж болуп турган тамчылатып сугаруу системасын, суу ресурсун үнөмдөөчү технологияларды түзүү жаатында иш алып баруу – бүгүнкү күндүн талабы.  

Азыркы заманбап технология бирден-бир сууну үнөмдүү пайдалануу максатында тамчылатуу жана жамгырлатуу жолдорун жайылтуу. Жакында эле министрлер кабинетинин 426 млн. сом лизингге бөлүнүшү боюнча буйругу чыкты. 4,5% менен биздин дыйкандар тамчылатуу, жамгырлатуу системасын колго алуу боюнча бул каражат каралган.

Бул жылы баарыңыздар билгендей суу тартыш болду. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстанда сууну пайдалануу боюнча жаңы ыкмалар киргизилүүдө. Алгач Чүй облусуна, кийин дагы эки облуска киргизүү боюнча суу түтүктөрүн, насосторун жаңылоо боюнча иштер каралууда. Буюрса, жакынкы аралыктан баштап иштер башталат. Азыркы максатыбыз – жаңы ыкмаларды элге тааныштыруу. 

-- Бүгүнкү мөңгүлөрдүн абалы боюнча да өз оозуңуздан уксак?

-- Акыркы жылдары мөңгүлөрдүн аянты 25-30%га чейин азайып калды. Бул Казакстандын илимий изилдөө институттары аркылуу изилденген. Климат жыл санап өзгөрүүлөргө дуушар юолууда. Бизде мөңгүлөрдү сактап калуунун эки жолу бар. Биринчиси – токой чарбаларын көбөйтүү. Экинчиси – сууларды үнөмдүү пайдалануу. Сууну үнөмдөөгө жогоруда белгилегендей тамчылатып сугарууну лизинг аркылуу элге жайылтуу. Азыр деле суулар агып жатат. Ал сууларды топтоп, керектүү учурда элге бөлүштүрүү шарт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер