Акыркы кабарлар
» Саясат » Алтынбек Сулайманов: “15-апрелден кийин өзгөчө абалды узартууга болбойт”
Алтынбек Сулайманов: “15-апрелден кийин өзгөчө абалды узартууга болбойт”
01-апрель, 13:39

Кыргызстанда 15-апрелден кийин өзгөчө абалды узартууга болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди. Анын айтымында, эгер өлкөдө өзгөчө абал узарып кетсе, жарандардын жашоо-турмушуна, өлкө экономикасына абдан чоң зыян келет.
“15-апрелге чейин тиешелүү органдар коронавирус жугузуп алган адамдарды текшерип, аларды карантинге алыш керек. Ал эми калган жарандардын эркин жүрүшүнө шарт түзүлүшү керек. Болбосо өлкөгө кыйын болуп калат” деди Сулайманов.