Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскарбек Жаныбеков министр болгону бизнесин гүлдөтүп, мамлекетке кыянаттык кылып келет

Аскарбек Жаныбеков министр болгону бизнесин гүлдөтүп, мамлекетке кыянаттык кылып келет

17-декабрь, 17:00
2 295 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун бул кызматты ээлегенине үч жылга аяк басты. Өкмөт аны колдоп, 2022-жылы айыл чарбасына бөлүнгөн каражатты эки жарым эсеге көбөйтүп, 29 миллиард сом бөлүп берген. Бирок ал каражат сууга сиңгендей эле жок болду. Кыргызстан буга чейин азык-түлүктүн үч түрү менен өзүн-өзү камсыз кылып келсе, ошол эле бойдон калды. Эч кандай жылыш болгон жок. Эң негизги азык ун боюнча маселе чечилген эмес, дагы деле Россия менен Казакстандын колун карап отурабыз. Алар унду же буудайды импорттогонго тыюу салып койсо, абал кыйын болору шексиз. Аскарбек Жаныбеков ыгы келбесе да оңду-солду интервью берип, өзүн пиар кылуу менен алек. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “бийликтегилердин бизнесинин бетин ачсаңар чара көрөм” деп элге кайрылды. Ал эми Аскарбек Жаныбековдун мал чарбасы, “Роял кенч” фирмасы ал министр болгону гүлдөп өнүгүп атат. Айыл чарбасын оңдой албаган, мамлекетти эмес, өзүнүн жеке менчиги үчүн гана кам көргөн мындай министрдин бул орунду ээлеп отурганга моралдык акысы барбы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер