Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Мамытканов: “Жаңы технологиялар менен жашылчаларды сактай турган жайларды куруу зарыл”

Бакыт Мамытканов: “Жаңы технологиялар менен жашылчаларды сактай турган жайларды куруу зарыл”

05-июнь, 19:46
2 130 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айыл чарба азыктары, жашылча-жемиштердин баалары туруксуз болуп, айрыкча картошканын баасы кескин көтөрүлүп, карапайым элге оорчулук жаралууда. Бул көйгөйлөрдүн түйүнү эмнеде?

-- Биз азык-түлүк коопсуздугунун алдын алып, жакшы көңүл бура баштаганыбызда гана баалар турукташат. Анүчүн жашылча-жемиш сактоочу атайын жайларды салсак, бизде жыл бою туруктуу баа болот. Мисалы, көбүрөөк өлчөмдө сактоочу жайда картошка турса, биздин фермер ойлонбой картошка айдап, 12 айга бөлүп коюп сата берет. Бир жылы өтө кымбаттап, же экинчи жылы арзандап кеткен ажиотаж болбойт. 

Биздин баардык эле облустарда союз тарагандан бери жашылча-жемиш сактоочу жайлар курулган жок. Ушул жагынан финансылык колдоо кылбасак,  оңолууну күтпөй эле коюш керек. Баанын туруксуздугу улана берет. Бул баардык азык-түлүккө: алмага, алчага, өрүккө, картошкага – жалпысына тийешеси бар. Союз таркагандан бери жадагалса жүгөрү, буудай сактаганга кампа курулбады. Эгер биздин жаңы технологиялар менен сактай турган сактоочу жайларыбыз жок болсо, эч өнүгө албайбыз. Анан да финансылык колдоо болбосо, биз дыйканчылыкта кара тер төгүп иштеген менен пайда жок. 

-- Чет өлкөдө кандай?

-- Чет өлкөдө орточо бир жыл сактай турган сактоочу жайлары бар. Мисалы, Казакстанда ар 25 чакырым сайын бирден буудай сактоочу элеваторлор курулган. Дагы жаңы элеваторлор курулууда. Бизде анын бири да жок. Дыйкандардын кимисинин кандай мүмкүнчүлүгү болсо, ошого жараша эптеп сактап жатышат. Мунун экономикага түздөн-түз зыяны тийүүдө. Себеби, ал жерлер технологиялык процесстерге жооп берген сактоочу жайлар болбогондуктан, жоготуулар көп болот, чирип кетет. Ошондуктан тез арада жашылча-жемиштерди сактоочу жайлар курулбаса, экономикага чоң сокку келип, тескери көрүнүш улана берет. “Сактоочу кампаларды курсам” деген дыйкан-фермерлер арбын. Бирок банктар өтө албай турган барьерлерди коюп коюшат, “күрөөңдү алып кел” деген сыяктуу. Ошондуктан банктан кредит алуунун жол-жоболорун жеңилдетпесек, бул көйгөй токтобойт. 

Элдин саны өсүп жатат. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча дүйнө жүзүндө айтылууда. Акыркы 7-8 жыл ичинде Кытайдан кумшекер, спирт, буудай ж.б. келбей калды. Себеби, алардын өз элине жетпейт. Ошондой чоң мамлекеттер запкы тарта баштагандан кийин, демек, оор көйгөйгө биз да тушугабыз. Чет өлкөгө кичине экспорт башталганда эле өзүбүздүн элди камсыздай албай, алсыз жактарыбыз даана көрүнө баштады. Эрте бышкан жашылча-жемиштер менен элибизди камсыздай албаганыбыз бизге сабак болушу керек. Азыркы айыл чарба министри ушул сыяктуу көйгөйлөрдүн алдын алып, жакшы иштерди баштоодо. Мындан аркы иштерине да ийгилик каалап туралы.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер