“Өлкөдөгү укук коргоочулардын сап башында Турсунбек Акун турат”
-- Турсунбек Акун 65 жашка чыгып, укук коргоо багытында 35 жыл эмгек кылыптыр. Эгемендүү өлкөбүзгө кандай салым кошту дейсиз?
Дастан Сарыгулов, экс-мамкатчы:
-- СССР тарап, эгемен доору башталып, эл чарба талоонго учурап, жумушсуз калган эл соода-сатык, чакан ишкерликке өтүп, жашап калды. Жети миллион кыргызстандыктардын арасынан жалгыз Турсунбек иним адам укугун коргоого өмүрүн арнады. Анткени, элин ойлоп, калкына кызмат кылып, “коомдо калыстык болсун” деди.
Кемел Ашыралиев, экс-губернатор:
-- Эгемедикке чейин укук коргоо деген багыт, түшүнүк жок болчу. Ошонун анабашында ушул жигит турду. Кай жерде калыстык тайып, адамга үстөмдүк жасалса, чырылдап башын сайып, алардын укугун коргоп келди. Баардык бийлик алмашты, бийликте жүргөндөр өзгөрдү. Ушул жигит гана алдына койгон максатынан жазбай келатат. Азамат! Аман болсун!
Равшан Жээнбеков, оппозиционер:
-- Мыкты өнүккөн мамлекет курууда биринчи кезекте маанилүү роль укук коргоочуларда. Анткени, мамлекеттин бутуна турушуна, күчтүү болушуна бирден-бир салым кошо турган, күчтүү жарандарды жаратуучу, алардын укугу аркылуу мамлекетти бекемдеп, кубаттуу өлкө курууга салым кошо турган – укук коргоочулар. Бул багыттан алганда, сап башында Турсунбек Акун мырза турат. Канча жылдан бери акыйкат үчүн эмгек кылып, анын ысык-суугунун баарын башынан өткөрдү. Кыргызстандын көрүнүктүү омбудсмендеринин бири болду. Жакшы иштегенине карабай, кыргыздын мамлекеттик, авторитардык бийлиги Турсунбек Акунга бир топ бут тосууларды кылышып, иштетпей, акыры кызматтан кетирип тынышты. Ошого карабастан, өзүнүн принципиалдуулугун, укук коргоочулук максаты маанилүү экенин сезип, эч качан токтоп, сынып калбастан, ишин аткарып келатат. Бул биз үчүн аябай маанилүү көрсөткүч болуп эсептелет.
Мамлекетте жакшы нерсеге салым кошуу, ийгиликке күбө болуу жеңил. Анткени, ал жакшы нерсе. Ал эми көптөгөн адамдардын укугун коргоп, ошону менен бирге кыйынчылыгын, азабын тартуу аябагандай оор. Ошол азабын тарткандардын бири Турсунбек Акун мырза. Ал Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин мезгилинде да адилеттүүлүк үчүн күрөштү, азыркы убакта да укук коргоого чоң салым кошууда. Бир эле негизги мисалдан алалы, “кемпирабадчылардын” укугун коргоодо, аларды эркиндикке чыгарууда, басымдарга каршы күрөшүүдө биринчи кезекте маселе көтөргөн Турсунбек Акун мырза да...
Серен Шейшенов, экс-мэр:
-- Турсунбек Акундун укук коргоо багытында кошкон салымы зор деп эсептейм. Ар дайым тынбай чуркап жүрүшүнүн өзү чоң ийгилик! Ал жөнүндө жакшы сөз айтуу аздык кылат. Сакадай бою сары алтын адам. Чачы ак басып калса да, жаш баладай чуркап жүргөнү, эл аралык чөйрө да аны менен эсептешип турганы – дарамети күчтүү экенинен кабар берет.
Мен Турсунбек Акунду КДК уюштурулгандан бери тааныйм. КДКны уюштургандардын бири. Биз анын артыкчылыгын сезбей, көптүн бириндей көргөнүбүз менен Кавказдабы же Чеченстандабы Турсунбек Акундун атында көчө бар. Мындай урмат-сыйга каалаган эле киши жете бербейт. Биздин Кыргызстанда тилдери буудай кууруганы менен андай кызмат кылганы аз. Тукемде бөтөнчө өнөр бар. Ал табиятынан укук коргоочу. Бул киши алтынчы, базар күн дегенди, эс алганды билбейт. Тынымы жок иштейт. Аныгында, элине кылган кызматы, эмгеги, мээнети өтө зор. Азыркы бийлик эмгегин баалап, экинчи даражадагы “Манас” орденин туура берди. Туке, кайда болсоңуз дагы аман болуңуз! Ден соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болсун. Орто Азиянын эле координатору эмес, БУУга да иштеген күнгө жетиңиз. 18-июлда өтө турган иш-чараңыз жакшы өтсүн.
Арзыкан Момунтаева, коомдук ишмер:
-- Мен Турсунбекти кара чач кезинен коомдук ишке, демократияга, укукка бой таштаган убагынан тарта бүгүнкү ак чач курагына чейин билем. Канчалаган азаптуу, түйшүктүү күндөрдү башынан өткөрдү? Кыйналды, камалды, азап жеди, болбой эле адам укугу менен өмүрүн өткөрүп келет. Элдин нааразычылыгы жаралган пикет, митингде, соттордо жүрдү. Атүгүл таяк жеди, тил үкту, далайдын сообуна калып, жардамын берди. Саясатка кайдыгер карабады. Мамлекеттик кызматта жүргөндө да мезгил-мезгили менен өз пикирин айтып турду. Укукка байланыштуу далай чет өлкөлөрдө болуп, алардан керектүү тажрыйба топтоду.
Табылды Акеров, саясат талдоочу:
-- “Ааламга жол айылдан башталат” дейт эмеспи. Күндөрдүн биринде агабыз Турсунбек Акун “айылга барып келеличи, биздин жерди көргөзүп келейин” деп Эки-Нарынга чакырып калды. Колум бош эле, макул болуп жол тартып кеттик. Жолдо ката өзүнүн балалык чагын эстеп, айтып баратты. Чоң атасы багып алгандыктан, Турсунбек Акун аталып калганын ошондо билдим. Акун атасы кичинесинде эле канаттууга кактырбай, азуулууга алдырбай Акундун баласы дегенчелик кылып, жакшы багып чоңойткон экен. Турсунбек бала кезинен эле эркин мүнөз өсүптүр. Атасынын не бир мыкты күлүктөрүн минип, Эки-Нарынды айланта чаап, жадагалса мектепке да күлүк менен барып келип бүтүптүр. Ат жалында чоңоюптур. Айтор, бала чагы кичинесинде эрке өсүп чоңойгон кытай лидери Мао Цзедундукундай эле эсте каларлык кызыктуу окуяларга бай тоо койнунда өтүптүр. Эки-Нарындыктар жаз келгенде, күндүн биринчи нурлары көрүнгөндө эле сууга түшө беришет экен. Бул жолу да сайдын жээгине барып, 25-май күнү Турсунбек Акун айылдаштары менен “үшүйм-пүшүйм” дебей эле жарышып чечинишип, сайдын суусуна түшүп жатышты...
Анан мындан 35 жыл мурун Кыргызстандын саясый аренасына эч кимди укпаган, “адам укуктары” деген темадан башка нерсени сүйлөбөгөн, жапалдаш бойлуу, папке кармап, шыртылдап баскан Турсунбек Акун деген адам чыга келди. Ошондон ушу күнгө чейин Турсунбек Акун агабыз өлкөбүздүн демократиялык негизде өнүгүүсүнө, адам укуктарынын корголушуна белсемдүү салымын кошуп, жан үрөп аракеттенип келатат. Көптөгөн окуялар болду: Аксы каргашасы, авторитардык бийликке каршы багытталган үч революция, бийликтин өз элин аткан зомбулугу, Ош, Жалал-Абад, Июнь окуялары ж.б. толгон-токой кыйын кезеңдерди кечирдик. 35 жыл аралыгында Турсунбек Акун агабыз адам укуктарын коргоо үчүн жанын аябай талыкпай эмгектенип, аракет кылып, элдин эсинде өлкөнүн негизги укук коргоочусу катары таанылды. Биз эле эмес, коңшу өлкөлөргө да атагы таш жарып, таанылды. Илгери Турсунбек Акун Ташкентке митингге чакырылып, барыптыр. Өзбекстандын “үч тамгасы” аны билгизбей алып чыгып, поездге салып, чек арага чейин көзөмөлдөп, “өткөрдүк” деп артка кайтышыптыр. Анан кафеге кирип, “Турсунбек Акундан кутулдук” деп майрамдап жатышса, президенттин аппаратынан чалып, “эмне кылдыңар?” деп сурайт. “Чек арадан ары өткөрүп жибердик” дешсе, “каяктан, ал Ташкентте митингде жүрөт” деп беркилерди тепкиге алыптыр да. “Адам укуктары” дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган Турсунбек Акундун башынан мындай окуялар өтө көп өтсө керек. Акыркы эле жылдарды алсак, “кемпирабадчылардын” укуктарын коргоодо Тусунбек Акун өзгөчө ролду ойноду. Илгери Аскар Акаев жазуучу муркум Казат Акматовду “№1 демократ” деп калчу эле. Анын сыңарындай, Турсунбек Акун агабызды бүгүнкү күндүн “№1 демократы” десек жаңылбайм. Адам укуктары үчүн күрөшүп жүрүп, агабыз 65 жашка чыгып калыптыр. Юбилейлик майрамыңыз менен урматтуу Турсунбек Акун мырза!
"Азия Ньюс" гезити