» Саясат » Губернатор Элчибек Жантаев кабинетинен чыкпай, элден жашынып отурат
Губернатор Элчибек Жантаев кабинетинен чыкпай, элден жашынып отурат
26-июнь, 09:00
1 323 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ош облусунун губернатору Элчибек Жантаевге жергиликтүү тургундар нааразы экен. Себеби, чала кадр кабинетинен чыкпай, убакытты эптеп өткөзүп, кайдыгерлигин көрсөтүп жатыптыр. Бул боюнча Оштогу аксакалдар бир ооздон арызданышууда. Президенттин өкүлү катары өз миссиясын аткара албаган Элчибек Жантаев көпкө узабай калды окшойт. Азыр коомчулуктан эч нерсени жашыра албайсың. Аймактардагы элдин жашоосу оорлошуп атса, жергиликтүү бийлик кош көңүл болсо, мындай кыянаттыктын кимге кереги бар? Тийешелүү жетекчиликтер эртелеп баа берип, Ош облусуна иштей турган чыйрак кадрды дайындабаса, абал чын эле оорлошо берет. Татыктуу талапкерлер бар, бирок аларды атагандан майнап чыгабы? “Сууну да сиңген жерге куй” деп бекер айтылбаса керек. Ошентсе да кулак кагыш кылып турабыз.