Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Китеп көйгөйү Иманалиевди кетирсе, Кендирбаеваны сактап калабы?

Китеп көйгөйү Иманалиевди кетирсе, Кендирбаеваны сактап калабы?

05-сентябрь, 21:54
402 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Былтыр окуу жылынын башталышында мектептердеги китеп жетишсиздиги боюнча жасалма чуу чыгарышып, Каныбек Иманалиевди министрликтен кетиришкен. Саясый оюн экенин түшүнгөнбүз. Кылдан кыйкым табылган эле. Андан бери эмне өзгөрдү? 

Тилекке каршы, быйыл да мектептерде китеп кризиси курч бойдон турат. Бир жыл аралыгынан бери маселе чечилбептир. Базарларда китептер жайнап сатылууда. Ата-энелер аргасыздан алышууда. Бул көрүнүш көмүскөдөгү бизнес, көз жазгыруу, элдин жонунан кайыш тилүү го? Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кооз сүйлөп коюп, эң башкы милдетин аткарбай, бир жылдан бери эшек такалап отурдубу? Башка көйгөйлөр калса да, ириде мектептерди китеп менен камсыз кылышы керек болчу. Мамлекеттик бюджеттен жылыга миллиондогон акчалар бөлүнүүдө. Эмне үчүн сергек акыл менен ой жүгүртпөйт? Ириде уюштуруучулукту колго алып, тийешелүү милдетин так аткарса эле маселе оңунан чечилмек. Буга көп акылдын деле кереги жок. Каражат бар, китептерди өзүбүздүн эле басмаканадан басып чыгар. 365 күндө жасаса болот эле да! 

Ток этерине келсек, былтыр Каныбек Иманалиевдин министрликтен кеткен шылтоосун эстейли. Окшош картина тартылууда. А эмне үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын отставкасы каралбайт? Билим берүүнүн кедерин кетирди. Жоопкерчилик кайда? Адилеттүү баа берүү вазыйпасын алалы. Алалаган жарабас... Ал эми билим берүүдөгү коррупция, башка толгон-токой көйгөйлөрдүн чети оюлбай “мелмилдейт”. Жазсаң кагаз бети түт келбейт эй!  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер