Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбөкөн Таштанбеков: “Биз үчүн эң башкы коркунуч Ооганстан тарапта...”

Акбөкөн Таштанбеков: “Биз үчүн эң башкы коркунуч Ооганстан тарапта...”

18-февраль, 08:53
729 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акбөкөн Дүкенович, жакында эле ЖМКларда “талибан кыймылы Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасына 10 миңдей жоокерин жиберип жатат” деген маалымат жарыяланды. Алардын максаты өз чек арасын чыңдообу, же кошуналарга сес көрсөтүүбү, муну азырынча айтуу кыйын. Бирок, кандай болгон күндө да Ооганстандагы кырдаалга карата биздин реакциябыз кандай болушу керек?

-- Бир кезде талибан студенттерден турган чакан түзүм эле. Бүгүн болсо алар чоң күчкө айланды. Согуштук вертолеттеру, самолеттору бар. Кошуна өлкөлөр алар менен “сиз” деп сүйлөшүп калышпадыбы. Биз да диалог түзгөнүбүз оң. “Бул өлкөдө өзбекстандык, тажикстандык гана эмес, кыргызстандык жарандар да бар экен” деген маалыматтар айтылууда. Бирөөлөр “300 киши десе, бирөөлөр 500” дейт. Эртеби-кечпи аларды Ооганстандан сүрүп чыгарышат. Анткени, аларга бөтөн боевиктердин кереги жок болуп калды. Анда алар каякка барышат? Ошондуктан, бирөөнүн мээсине “баарын чогултуп туруп, кошуна өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга жиберип коёлу” деген ой келип калбасын үчүн биз аларга мунапыс берип, өзүбүз алып келип, көзөмөлгө алышыбыз керек го. Себеби, баягыда 40-50 сакалчан келгенге кандай будуң-чаң түштүк эле? 

-- Чек араны да чыңдоо зарыл го?

-- Сөзсүз. Чек арада болуп жаткан чыр-чатактарга алардын да тийешеси бардай сезилет. Андыктан, чек арабызды чыңдоо зарыл. Өзгөчө Баткен тарапты. 18деги жаш балдарды эмес, контрактчыларды жиберүү зарыл. Бүгүн Ооганстан Кыргызстан гана эмес, бүт дүйнө үчүн “баш ооруга” айланды. Биз үчүн эң негизги коркунуч ошол жакта. Америкалыктардан аларга эмне деген курал-жарактар калды?! Ал расмий түрдө эле калганы. Контрабанда жолу менен келгени, кампалардан уурдап чыгып кеткендери канча?! “Баңгизат өндүрүүнү токтотобуз” дешти. Бирок, менин оюмча, токтобойт. Донорлор баягыдай миллиарддаган акча салбайт. Элин багыш керек да... 



"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер