Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өкмөт өлкөдө тамак-аш боюнча маселе кандай абалда экенин айтты

Өкмөт өлкөдө тамак-аш боюнча маселе кандай абалда экенин айтты

27-декабрь, 18:11
573 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда эң керектүү продукциянын кору жетиштүү экенин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын айтымында, мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында азык-түлүктүн: буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин жетиштүү запасы бар.

“Мамлекеттик коопсуздукка тамак-аш коопсуздугу да кирет, муну эске алып, азык-түлүктү кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда” деди ал. Төрөбаев ошондой эле "ун комбинаттарындагы буудайдын запасы түгөнө турган болсо, мамлекеттик материалдык запастагы кампаларда буудай жетиштүү” экенин кошумчалады жана өсүмдүк майы, кант тартыштыгы боюнча маселе жаралбастыгына ишендирди.

Күнкараманы кайра иштетүү боюнча май заводдору менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалым болду. Быйылкы жылы "Кошой" жана Кайыңды-кант заводдору 62 миң тонна кумшекер өндүргөн.

Буга чейин Кыргызстандын ун тартуучулар ассоциациясы 2023-жылдын 1-январынан тарта ун менен жемдин баасы 15 пайызга  кымбатоосу мүмкүн экенин айткан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер