Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдар Абакиров: “Бизге жүктүн жарымынан көбү Казакстан аркылуу келет”

Элдар Абакиров: “Бизге жүктүн жарымынан көбү Казакстан аркылуу келет”

15-январь, 17:00
2 725 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Казакстан соода жүгүртүүдө Россия менен Кытайдан кийинки үчүнчү орунду ээлейт. 2021-жылдын 10 айында Кыргызстан Казакстанга 26,3 миллиард сомго (311,2 миллион доллар) товар экспорттогон. Товарлардын негизги берүүлөрү баалуу металлдардын рудалары жана концентраттары (9,8 млрд. сом), айнек жана айнек буюмдары (3,7 млрд. сом) жана пластмассадан жасалган буюмдар – капкактар, тыгындар ж.б. (2,2 млрд. сом). Азык-түлүк товарларынын ичинен Кыргызстан Казакстанга сүт азыктарын, жумуртка, бал жана кондитердик азыктарды эң активдүү экспорттойт. 2021-жылдын январь-октябрь айларында Казакстандан Кыргызстанга товарлардын импорту миллиард сом болду. Трикотаж же токулган кездемелер, пластмассалар жана андан жасалган буюмдар, алкоголдук жана алкоголсуз суусундуктар, тамеки жана өсүмдүк майлары, ар кандай тамак-аш азыктары, жегенге жарамдуу жемиштер жана жаңгактар ж.б. толгон токой нерселер импорттолот. 

-- Казакстандагы окуядан кийин тамак-ашка баа дагы көтөрүлбөйбү? Бизнеске, эркин соода-саттыкка таасири тийбейби? Мындан аркы эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыш, абал башка нукка бурулбайбы?

-- Тамак-аш баасы боюнча эң негизгиси чек арада жүктөр өтүп турса болду. Бизге жүктүн жарымынан көбү Казакстан аркылуу келет. Россия тараптан, Казакстандын өзүнөн. Европа, Түркиядан келген жүктөр дагы Казакстан аркылуу келет. Бирок мен байкагандан, жүктөр үзгүлтүксүз өтүп эле жатат. Андай корко турган маселе жок. Экономикалык абал көп деле жаман жагына өзгөрбөшү зарыл. Алар өз продукцияларын бизге экспорттоп сатышы керек. Биз дагы өз продукцияларыбызды сатышыбыз шарт. Экономикалык акыбал мурдагыдай эле абалда. 

-- Ал жактагы кыргыз ишкерлерине терс таасир күтүлбөйбү?

-- Ишкерлерге эмес жалпы жарандарыбызга тийген зыяндарды көрүп жатабыз. Биздин бийлик тараптан дагы жакшы аракеттер көрүлсө, баары оңунан чыгат (!) деген ишеничтемин.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезиит

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер