Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамбы Жусубалиева: “Вебинар абдан кызыктуу болуп, үмүт жаратты”

Жамбы Жусубалиева: “Вебинар абдан кызыктуу болуп, үмүт жаратты”

03-ноябрь, 16:00
1 217 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жума этегинде Жамбы Жусубалиева (Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев агабыздын кызы) дин иштери боюнча иш-чарага чакырып калды. Эң кызыгы, бул иш-чара үйдө отуруп алып интернет аркылуу баарлашуу экен. Албетте, дин иштери боюнча белгилүү, дүйнөгө таанымал чет элдик эксперттер өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Баарлашуу англис тилинде болгонуна байланышту Жамбы карындашымдын жардамы керек болду.

-- Жамбы, онлайн конференция кимдер тарабынан уюшулду?

-- Диний лидерлер жана жарандык коом үчүн вебинар InterfaceCansil коомдук бирикмеси жана Кыргыз Республикасынын президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте уюшулду. Бүткүл дүйнөнү каптаган коронавирустук пандемияга байланыштуу, InterfaceCansil GlobalMediaCentre семинарын онлайн режиминде Hedayah борборунун колдоосу менен сунуш кылынды. 

-- Иш-чаранын максаты тууралуу да айта кетсең?

-- Бул иш-чаранын максаты – зордук-зомбулуктуу экстремисттик жана террористтик пропагандага каршы чыгып сүйлөй алган, ошондой эле коомчулуктун биримдигин камсыз кылган жана конфессиялар аралык диалогго үндөгөн ишенимдүү адамдарды аныктоо жана тандоо болду. Биз Кыргыз Республикасында улуттук иш-аракеттер планынын максаттарын радикалдашууга жана зордук-зомбулук экстремизмине каршы турууну колдогон жана жүзөгө ашырууга жардам берген ыкмаларды колдойбуз. Өзүңүз байкагандай, өткөрүлгөн вебинар Кыргыз Республикасынын кеңири аудиториясын камтыды. Анын ичинде диний лидерлер, активисттер, жарандык коомдун жана мамлекеттин өкүлдөрү болду. Биздин идея – Европа өлкөлөрүнөн келген эксперттердин жергиликтүү диний лидерлер, активисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери менен тажрыйба, билим, идея алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү эле. Үмүттөнөбүз чоң, бул иш-чара өз максатына жетти деп ойлойм.

     Сурат Жылкычиев

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер