Элибиз үчүн РМдин эркиндиги маанилүү
Биз салыштыруу менен тыянак чыгарабыз да. Буга чейин кармалгандар тийешелүү мүлктөрүн төгүп беришсе, камактан чыгарылып келген. Бирок Райымбек Матраимовго келгенде эле андай тенденция иштебей атат. Эмнеге?
2020-жылдан бери каарманыбыз бийликке бар тапканын берип эле келатат. 2 миллиард сом төлөгөн, муфтийдин имаратын куруп берди. Бул эми биз билгендер гана. Ал эми март айында кармалгандан кийин баардык мүлкү мамлекетке алынганы айтылган. Мындайча айтканда, ал өмүр бою тапкан ырыскы, байлыктарынан ажырады. Саясатка деле аралашкан жок. Башкалардай арызданып, чыргоолонгонун байкай албадык. Унчукпай гана түрмөдө отурат. Сабырдуу экен. Чыныгы улуу адам болуунун сырларын чечмелеп, тагдырдын жазмышынан сабак алып атса керек. Өмүр деген бир келет. Жашоо көз ирмегендей тездикте өтүп кетерин билебиз. Мындай шартта тирүүлүктүн баркын билүү зарыл. “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” дейт. Убагында Райымбек Матраимов кандайдыр бир катачылыктарды кетирсе, ал жагы Кудайдын астында таразаланат. Аныгында, абактан өткөн чагына, келечегине саресеп салып, ички дүйнөсү менен өзгөрүп жаткандыр.
Жакында анын баш коргоо чарасы каралып, октябрь айына чейин камакта калтырылганын окудук. Гумандуулук болсо кана? Негизи элибиз үчүн РМдин эркиндиги маанилүү. Себеби, калың катмарга эмгеги сиңген да. Кайрымдуулук иштерин, жаратмандык жакшылыктарын санабай эле коёлу. Бир күн келет, Райымбек мырзанын да маанайы ачылып, короосуна жаркырап күн тийсе керек...
"Азия Ньюс" гезити