Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Вирустун айынан Кыргызстанга “Жүк 200” жөнөтүлбөй калды

Вирустун айынан Кыргызстанга “Жүк 200” жөнөтүлбөй калды

07-апрель, 10:55
850 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Москвада өрттө каза болгон кыргызстандыктын сөөгү ошол жакта жерге берилет. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлагандай, жумуш берүүчү тарап баардык чыгымды өзү каржылап, жакындарына компенсация төлөп бермей болду.

Элчиликтин маалыматына караганда, кырсык 5-апрелге караган түнү Москвада курулуш жүрүп жаткан жерде болгон. Жумушчулар жашаган чатырдын ичинде меш бузулуп, кыргызстандык жаран иске ууланган. Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын кайрымдуулук фондунун Москвадагы бөлүгү менен иштешкен жарандык активист Бекназар Турдакуновго кайрылганыбызда, ал төмөндөгүлөргө токтолду. “Кыргызстанга Жүк 200” жөнөтүлбөй жатат. Жакында эле бир мекендешибизди "Балашиха" деген жердеги мусульмандардын жайына биздин фонддогу жигиттер туугандары менен биргеликте коюп келди. Майга чейин рейс жок дегенине байланыштуу ушул жакта коюлуп жатат. Коронавируска байланыштуу эки мекендешибиздин сөөгүн Москвада жерге бердик” деп билдирген.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер