Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Акаев: “Атамбаевди үй камагына чыгарса туура эле болот”

Жанар Акаев: “Атамбаевди үй камагына чыгарса туура эле болот”

30-июнь, 22:16
404 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жанар мырза, ишкерлер чет элдик валюталарды алмаштыруу курсуна нааразы болуп жатышкандарын айттыңыз. Маселе эмнеде экен?

-- Мага бир топ ишкерлер кайрылып жатышат (доллар менен иштеген ишкерлерибиз бар да), “банктан доллар алалбай жатабыз. Курсун өтө эле төмөн айтышат (78 сомго чейин), же “доллар жок” деп коюшат” дешти. Мисалы, Италияда эле он миңдеген кыргызстандыктар иштейт экен. Алар мекенине акча которсо, банк курсун төмөн кылып, өзү каалагандай чечип атыптыр. Бүгүн саат төрткө Улуттук банктын өкүлдөрүн чакырганбыз, ушул маселени карайбыз. Чынын айтканда, Толкунбек Абдыгулов иштеп турганда ушундай маселелер чечилчү. Азыр бир аз аксап жатат.

-- “Улуттук банк валютаны интервенциялоодон аябагандай чоң акча жасап жатат” деген кептер да айтылууда. Бул боюнча сизде маалымат жокпу?

-- Болушу деле мүмкүн. Бүгүн Улуттук банктан тактайбыз го. Чын эле, акчаны акчага сатып атышат да...

-- Экс-президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча сунушка кандай карайсыз?

-- Атамбаев өзү социалдык тармактар аркылуу “менден кемчиликтер кеткен, көзүм эми ачылды” деп айтып атат. Ошон үчүн ал кишини үй камагына чыгарса туура эле болот. Анткени, ал баары бир Кыргызстанды башкарган. Анүстүнө жакшы эле жазасын алды... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер