Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Айымкан Кулукеева: «Өмүр бою ушинтип өзүмдү күнөөлөп жүрүп өтөмбү?”
Айымкан Кулукеева: «Өмүр бою ушинтип өзүмдү күнөөлөп жүрүп өтөмбү?”
16-февраль, 17:40

Капыстан келген коронавирус канчаларды канкакшатып кетти. Жаман илдеттин айынан агасынан айрылган Фейсбук колдонуучу айымкан Кулукеева төмөндөгүлөргө токтолду:
“Кара баскан коронавирус болбогондо, алтыным байкем бүгүн болгону 57ге чыгат элең, алда байкем ай, байкем ай! Кайдан гана кара баскан ооруканага кыйнап жаткырдык экен... Өмүр бою ушинтип өзүмдү күнөөлөп жүрүп өтөмбү? “Бутум тартпай жатат, үйгө эле кетеличи” деп кызына айтканына карабай, доктурлардан жан айла издеп, жансоогалап жаткырбадык беле... Беш күндөн кийин сизден айрылып каларыбызды кайдан билдик?.. Байкем ай, байкем ай, кечир! Жүрөгүмдө жаркылдап дагы эле тирүүдөй сезилесиз. Өмүрүм өткүчөктү айтып өтөм сизди!”