Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу: “Бишкектеги миңдеген чиновниктер онлайн түрдө иштешсе туура болот”


-- Борбор калаабыздын жүздөгөн көйгөйлөрү бар. Суук түшкөнү ыш каптаган азап башталды. Шаардагы тыгын ар бир тургунду кыжырдантат. Бул көйгөйдү чечүүнүн жолдору барбы?
-- Шаар бийлиги тыгындар менен күрөшүп жатат, бул мактоого татырлык, бирок аны натыйжалуурак кылса болот. Маселен, Ош базарын шаардын четине көчүрүү процесси жүрүп жатат. Бул чара негизги жолдордогу тыгындын көлөмүн азайтуу боюнча түшүндүрүлүүдө. Чындыгында тыгынды бир жерден экинчи жерге өткөрүү гана ишке ашат. Мэриянын түшүндүрмөлөрүнүн негизинен алсак, базарлар, автобекеттер, темир жол вокзалдары сыяктуу объектилер калаанын сырткы кире беришине чыкса, натыйжада шаардын негизги көчөлөрүнө автоунаалардын топтолушуна шарт түзөт. Аларды чет жакка алып келүү – жаңы жерлерде көйгөйлүү кырдаалды жаратмакчы. Буга мисал катары “Кудайберген” автобазарын айтсак, ал шаардын борборунан алыс жайгашкан, бирок а жерде тынымсыз тыгындар пайда болуп, унааларды коюуда кыйынчылыктар жаралат.
-- Элге шарт түзүүнү дүйнөлүк практикадан үйрөнсөкчү?
-- Мен Кытайдын тажрыйбасына кайрылуунун мааниси бар деп ойлойм. Үрүмчү шаарында ири базарлардын бири жүздөгөн майда базарларга бөлүнгөн. Алар райондор жана кварталдар боюнча чачырап кеткендиктен, жашоочулар керек болгон сайын чоң базарга ондогон километр жол жүрбөй калышты. Күнүмдүк жашоодо керектүү нерселердин баарын үйгө жакын жерден сатып алышат. Ошол эле учурда негизги каттамдар түшүрүлүүдө.
Бул супермаркеттерге да тийешелүү. Ар бир блокто тармактын чакан дүкөндөрүн ачса болот. Алар күнүмдүк азык-түлүктөрдү: нан, сүт, картошка ж.б. Мындай кырдаалда адамдар айлана-чөйрөнү таштап кетүүгө да мажбур эмес – аларга керектүү нерселердин баардыгын жөө аралыкта жайгашкан пункттардан сатып алышса ыңгайлуу. Ал эми чоң көлөмдөгү керек-жаракка зарыл болгондо гана жарандар чоң базарларга чыгышат.
Мындан тышкары, “балдар жашаган жерине эң жакын, 3-4 чакырым аралыкта жайгашкан мектепте окушу керек” деген системаны киргизүүнү сунуштайм. Ошондо мектеп окуучулары окуу үчүн алыска барбайт, ал эми ата-энелер башталгыч класстын окуучуларын шаардын бул башынан тиги башына ташыбайт.
Шаарда миңдеген чиновниктер бар. Учурдагы технологиялар аларга көп учурда алыстан иштөөгө мүмкүндүк берет. Эми күнүгө жумушка чыгып, эртеден кечке чейин кеңселерде отуруунун кереги жок. Алардын көбү жумушка унаалары менен келишет, көчө кыймылын ашыкча толтургандан тышкары, унаа токтотуучу жайларды жана бош орундарды ээлешет. Аптасына бир жолу чогулуш болсо, башка күндөрү онлайн жумуш иштешсе деле туура.










