Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Райым Матраимовдун интервьюсун 2 миллиондон ашык адам көрдү

Райым Матраимовдун интервьюсун 2 миллиондон ашык адам көрдү

09-декабрь, 01:27
2 500 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

6-декабрда Райым Матраимов УКМКдан сурактан чыгып, акмалап турган журналисттерге интервью берген. Болгону 2,5 минуталык баарлашуу эле. Анда Матраимов август айынан бери чет мамлекетте бизнес кылып жүргөнүн, каралоо башталганы тергөө менен кызматташуу үчүн келгенин, жалган жалаалардын бетин ачууга киришкенин айткан. Ошого катар уу-дууга айланган 700 миллион доллардын 7 тыйынына да тийешеси жок экенин, Саймаитини тааныбай турганын, жалаа жапкан Али Токтакуновду, Ширин Айтматованы ж.б. журналисттерди сотко бергенин, “Азаттык” радиосу менен эл аралык деңгээлде соттошууга даярдык көрүп атканын, өзү болсо Кыргызстандан эч жакка кетпей турганын шардана кылган болчу. Райым Матраимовдун күүсүздөн берген интервьюсу бир катар Ютуб каналдарына, соцтармактарга, ондогон сайттарга жарыяланып, 2 күндүн ичинде 2 миллиондон ашык адам көрүптүр. Биз бул боюнча атайын эсептөө жүргүздүк. Көпчүлүк элдин маанайы жакшы жагына өзгөргөнү байкалды. О.э. Райым Матраимовду оор басырыктуу, салабаттуу, кыргыздын жөнөкөй мырзасы катары баалагандар арбын болгонун эскерте кетели...

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер