Жаннат Абдырахманова: “Ири салык төлөөчүлөр биригип алышып, баарын дүрбөлөңгө түшүргөнү кейитет”
-- Бүгүнкү күндө көпчүлүк салык төлөөчүлөр “ККМден бошотулдук, каникул берилди” деп жатат. Убактылуу токтотулдубу? Мындан ары иштер кандай жүргүзүлөт?
-- Колдонуу эч кандай артка кайтарылган жок. Бир гана ККМ колдонуп жаткан соода точкаларын текшерүүгө 10 күнгө мораторий жарыяланган. Он күн да өтүп бүттү. Буюрса 1-июлдан баштап Бишкек, Ош шаарларында жайгашкан чоң соода борборлорунун ичиндеги аянты 10 кв/метрге жетпеген кичинекей соода түйүндөрү да ККМ колдонууга өтүшөт. 1-августтан тарта базарда соода жүргүзүп жаткан салык төлөөчүлөр дагы ККМ колдонушат. Бул биздин мамлекетке, кардарларга да керектүү нерсе.
Биз 2016-жылдан бери эле ККМди киргизүүнүн аракетиндебиз. Жылдан жылга эле салык төлөөчүлөр ККМ колдонуудан баш тартып келе жатышат. Эгер биз салыштырмалуу алсак, баардык ишкерлер салык төлөшөт. А биздин салык төлөөчүлөр “такыр эле салык төлөбөй иштейли” деген ойдо. Негизи жалпы салык төлөөчүлөрдүн товар айлантуусу бирдей эмес. Кээ бирлери күнүмдүк гана акча таап, үй-бүлөсүн багыш үчүн соода жүргүзүшөт. Мындайларды да эсепке алып жатабыз. Ошонун себебинен биз кымбат ККМ деген маселени чечтик десек болот. Бүгүнкү күндө ККМ акысыз таркалууда. Эң биринчи салык кызматынын IT адистери тарабынан иштелип чыккан программалык ККМ, экинчи аппараттык ККМ. Андан тышкары, мамлекет тарабынан акча бөлүнүп берилген. Жакынкы күндөрү тендер болуп өтсө, дагы он миңдей гибриддик аппараттык ККМ алып келебиз. Ал дагы акысыз таркалат.
“Эгер ККМ ишке кирсе, салыкты көп төлөп калат экенбиз” деген ката түшүнүктөр пайда болууда. Өткөн жылдагы президентибиздин жарыясына ылайыктуу товар айлантуусу үзгүлтүксүз 12 айдын ичинде 8 миллиондон ашпаса, анда үч салыктан бошотулат. Муну менен ККМ колдонуп, бирок салык төлөбөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Акысыз ККМди алып, аны мыйзамдуу түрдө пайдаланып, ошонун негизинде үч салыктан бошотулууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.
-- Анда эмне үчүн түшүнбөстүктөр болуп жатат?
-- Баардык эле салык төлөөчүлөрдүн товар айлантуусу 8 миллионго жетпей калбайт. Ошолордун арасында товар айлантуусу 20 миллиондон ашкан салык төлөөчүлөр бар. Ошол салык төлөөчүлөр бүгүнкү күнгө чейин 2-3 миң сомдук патентти төлөп иштеп келатышкан. Ошондуктан “патент системасын калтырып койгула” деп жатышат. Патент системасы – бул убактылуу көрсөткүч. Акыйкат система эмес. Товар айлантуусу чоңбу-кичинеби – баары бирдей акча төлөп келишкен. ККМ – бул акыйкат системанын инструменти. Биз азыр кредити бар же майда ишкерлерди колдоп өстүрүп алсак, ошолордон бизге кийин салык түшөт. Биз азыр урук сепкен дыйкандай болуп турабыз. Алар өсөт, өнүгөт. Ошондон тарта, албетте, салык төлөйт.
Кыргызстанда салык төлөмдөрү башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир нече эсе төмөн. Россияга эле салыштырсак, алардын НДСинен биздин НДС кыйла аз.
Бүгүнкү күндө биздин лотерея тууралуу да сөз козгосок болот. Салык төлөөчүлөрдү кечке жемелей берсе, кандайдыр бир терс пикирлер көбөйүшү мүмкүн. Түшүндүрүү иштери жүрүп, буклеттер жасалып таркатылды. Жер-жерлерде инспекторлор түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бирок ошого карабастан айрым салык төлөөчүлөр түшүнгүлөрү келген жок. Себеби, алардын жашыра турган нерсеси бар. Алар бир гана ККМ колдонбош керек. Эгер ККМ колдонуп калса, салыгынын көлөмү чындап эле чоңоюшу мүмкүн. Ошондой салык төлөөчүлөр биригип алып, майда салык төлөөчүлөрдү дүрбөлөң кылып атышат.
Бизде баардыгы эле заманбап технологияларга жетишип калышты. Ар бир соода кызматкеринин колунда смартфон бар. Смартфон интернетке туташкан. Анын ичинде Вотсап, Инстаграм, Фейсбук, Телеграмы иштейт. Мен айтып кеткен түйүндөрдүн баарында биздин баракчалар бар. Ошол жерге катталып, өздөрүнө керектүү маалыматты алышса болот.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити