Райымбек Матраимовго жалаа жабылып, жомок айтылды


Мурдагы айыл өкмөт башчысы Мунарбек Сайпидинов Россияда кармалып, бирок ошол арада видео кайрылуу жасаганга жетишиптир. Ал Райымбек Матраимов карматып атканын айтып, ошого катар Айеркен Саймаити, Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча көрсөтмө берерин да кошумчалаган. Таңгалычтуусу, ачык да, кыйытып дагы жалаа жапкан кербези. Эмесе, түпкүлүгүн чечмелеп коёлу.
Биринчиден, Айеркен Саймаити Түркияда атылып, көпкө узабай эле кол салгандар кармалып, тергөө жүрүп, прессага ачык-айкын маалымат берилген. Эгерде Райымбек Матраимовдун катыштыгы болгондо, ошол кезде эле жарыяланмак. Түркия бийлиги эч кимге көз каранды эмес да.
Экинчиден, Улан Эгизбаевдин сууга чөгүп жаткан видеосу чыгып, бул боюнча да коомчулуктун кызыкчылыгы аркылуу дыкат тергөө, экспертиза жүргүзүлүп, официалдуу билдирүү берилген. Натыйжада, буюртма өлтүрүү деген жок. Сууга сүзө албай чөгүп кеткени тастыкталган.
Факты деген өжөр нерсе. Биз мамлекеттик органдардын ошол убакта жарыялаган маалыматтарына таянуу менен чындыкты, калыстыкты жазууну эп көрдүк. Балким, Мунарбек Сайпидинов өзүнүн айыбын жабуу үчүн Райымбек Матраимовго жалаа жаап, оюн кылып жаткан жокпу? Азыр жомок айтса эле эл ишене бербейт да. Соцтармактарда Сайпидиновду “саткын өкүл бала” деп жазышып, катуу сынга алышууда. Кыскасы, эми кылмышка шектүү Кыргызстанга өткөрүлүп берилсе, калган чоо-жайын ошондо да байкап көрөлү...
"Азия Ньюс" гезити











