Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токаев эмиграцияга байланыштуу Орусия менен сүйлөшө турганын айтты

Токаев эмиграцияга байланыштуу Орусия менен сүйлөшө турганын айтты

27-сентябрь, 17:17
461 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орусиялыктардын агымы тууралуу Москва менен сүйлөшөт. Бул тууралуу ал Түркстан облусуна жасаган сапары маалында айтты.

«Соңку күндөрү бизге Орусиядан келген адамдардын саны көбөйдү. Алардын көбү мекениндеги кырдаалдан улам кетүүгө аргасыз. Биз аларга кам көрүп, коопсуздугун камсыздашыбыз керек. Бул саясий жана гуманитардык маселе. Мен өкмөткө тийиштүү чара көрүүнү тапшырдым», - деди Токаев.

Ал ошондой эле «келгиндерге жардам берилерин, бирок эч кандай артыкчылык берилбестигин» кошумчалады.

26-cентябрда Казакстандын премьер-министри өкмөткө орусиялыктарга каттоого турууда жана иш табууда жардам берүүнү тапшырган.

21-сентябрда жарыяланган мобилизацияга байланыштуу жүздөгөн орусиялыктар, негизинен эркектер жапырт өлкөдөн чыгып кетип жатышат. Мунун жыйынтыгында казак-орус чек арасында автоунаалардын бир нече чакырымга созулган кезеги пайда болду.

Орусиянын өзүндө мобилизацияга каршылык акциялары уланууда. Аларды полиция күч менен таратып, жүздөгөн адамдарды кармап кетти. ОВД-Инфо укук коргоо тобу билдиргендей, 26-сентябрга карата 2386 киши кармалды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер