Алмаз Тажибай: “Германияда бир мугалим 10 эле баланы окутса, бизде 40-70ге чейин окуучулар толуп калган”


Өлкөбүздө 18 жашка чейин 2 миллион 512 миң бала бар, ал эми мектепке чейинки балдардын саны 1 миллион 118 миң. Жылдан жылга бизде окуу имараттары жетишпей баратат. Мисалы, кээ бир башталгыч класстарда окуган балдардын саны жалпы мектеп окуучуларынын жарымына жетип калды. Бул боюнча мамлекеттик саясат талдоо борборунун жетекчиси Алмаз Тажибай ой бөлүштү.
-- Шаардагы мектептердин абалы, билим берүүгө болгон таасирлери тууралуу кандай ойдосуз?
-- Мектептердин абалы жөнүндө ар тараптуу изилдөөлөр болушу керек эле, бирок андай маалыматка туш болгон жокпуз. Ата-энелердин жана коомчулуктагы маалыматтан алсак, биринчи эле мектептердин жетишпестиги канааттандырбайт. Анткени Бишкек шаарынын жана ага жакын жайгашкан Аламүдүн, Сокулук райондорундагы мектептерде балдардын саны көп. 750 окуучуга арналган мектепте 4500 окуучу үч нөөмөт менен (кээ бир учурда 4 нөөмөт) окууга туура келет. Орто эсептен алганда бир мугалим 25-28 баланы окутат. Германияда бир мугалим 10 эле баланы окутат жана класстарда стандарт боюнча мектепте 20дан жана гимназияларда 30дан ашпаш керек. Ал эми бизде 40-70 окуучуга чейин толуп калган. Көбүнчө мектептен үлгүрбөй калган билимди колунда бар ата-энелердин балдары кошумча сабак алганга муктаж болушат, ар кандай курстарды окушат. Калган коопсуздук, окуу шарттар, жабдыктары, окуу куралдар, китептер, тамагы, имараттын абалы, мугалимдердин шарттары жана деңгээлин, алардын айлык акысы, мектептеги окуу программасынын мазмуну жана башка толгон-токой критерийлерин айтпасак деле ар бир ата-эне жана мугалимдер жалпы мектептердин абалын жана көйгөйүн жакшы билишет. Бишкек шаары жана региондордо райондук, облустук борборлордо да ушундай жетишпестиктер арбын.
-- Мектептердеги дагы кайсы көйгөйлөр айрыкча түйшөлдүрөт?
-- Бизде азыр деле совет доорунда калыптанып калган ыкмаларды колдонушат. Эң маанилүү шарттары эле эмес, билим берүү системасындагы окуу мазмуну ааламдашуу заманында артта калган. Сапаттуу жарандар өлкөнүн экономикасы менен тыгыз байланышы бар, бирок экономиканы көтөргөнгө билим деңгээли жооп бере албайт. Мисалы, негизги компетенттүү билим алуу мазмунуна 2014-жылы өткөнбүз, бирок ал эмне экенин мугалимдер өздөрү деле билишпейт, же билсе да ар кандай себеп менен сабагын жалпысынан өзгөртүп колдоно элек. Мектептерде “келечектеги кандай жаранды даярдап жатабыз?” деген түшүнүк таптакыр эле жокко эсе. Мектептер, мугалим күчтүү болсо, окуучулары күчтүү болушат, канча начар болсо окуучулары да ошондой сабатсыз болушат.
Эми билим берүү системасында көйгөйлөр толтура. Ошондуктан билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөртүү керек. Ал үчүн бийликтин саясый эрки жана коомчулуктун тынбаган талабы болушу зарыл. Учурда билим берүү системасын өзгөртүүгө жарандык коомдун өкүлчүлүгү, мугалимдер, жөнөкөй жарандар, ата-энелер, депутаттар, коомдук ишмерлер, илимпоздор, саясатчылар "Билимдүү Кыргызстан" улуттук демилгесине биригип, жаңы билим берүү мыйзамын кабыл алууга министрлик менен бирдикте аракет кылып жатышат.
-- Жаңы конуштардагы окуучулардын көптүгү чоң көйгөй. Жаңыча жолдорду кантип тапсак болот?
-- Бишкектеги статустуу гимназияларда жана жеке менчик орто окуу жайларда шарттар албетте жакшы. Ал жакта көбүнчө балдарына терең көңүл бурган жана акчасын аябаган ата-энелердин балдары жакшы шарттарда, мыкты мугалимдер менен окушат. Балдарына көңүл бура албаган, ички жана тышкы мигранттардын балдары, социалдык жактан жетишпеген жакыр жашаган үй-бүлөдөгү балдар жаңы конуштарда окушат. Бирок салыштыргандан алыс болушубуз керек, анткени шаардын мыкты мектебиндеги ата-энелердин, мугалимдердин жана балдардын максаттары жаңы конуштагы мектептегилер менен ар башка. Биринчилердин максаты жогорку окуу жайларда өтүү болуп саналат. А жаңы конуштагы мектептерде андай максат коюлбайт, көбүнчө мектепти бүтүрүп, акча тапкан ишке орношуп, өз алдынча жашап кетүү максаты болот. Мугалимдер, мектеп башчысы жана ата-энелер болуп чогуу бала үчүн күрөшсө гана ийгиликке жетишет, ал мектептин статусуна карабайт.











