Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамин Акималиев, академик: “Айыл чарбабыз алдыга жыла баштады, көз тийбесин!”

Жамин Акималиев, академик: “Айыл чарбабыз алдыга жыла баштады, көз тийбесин!”

18-ноябрь, 07:00
895 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ошентип, жыл соңуна чыкканы калды. Талаадагы оруп-жыюу иштери дагы ийгиликтүү жүргүзүлүп, түшүм жакшы болууда. Мал чарбасынын көрсөткүчтөрү дагы жаман эмес. Кыскасы, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда орчундуу өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Буга чейин тогуз азык-түлүктүн үчөө менен гана өзүбүздү өзүбүз камсыздап келгенбиз...” деп сөз баштады айыл чарба адиси, академик Жамин Акималиев. 

-- Жамин ага, күрдөөлдүү күздө жетишкендиктер боюнча сөз баштасак, эмнебиз менен мактанабыз?

-- 2024-жылдын жыйынтыгынан алганда, биздин республикабыз азык-түлүктүн беш түрү менен элибиздин курсагын тойгузганы турат. Алар нан, кумшекер жана картөшкө, сүт, жашылча азыктары. Дан эгиндерине келсек, быйыл түшүм жакшы болуп, бир миллион тоннага жакын буудай жана күрүч алганы турабыз. Эгерде алынган мол түшүм жакшы сакталып, жетиштүү баада мамлекетке сатылса, анда биз мындан ары нанды эч кимден сурабайбыз. Бул тарыхый жетишкендик болуп калат. Кант кызылчасы боюнча дагы иштер жакшы жүрүп, Сары-Өзөн Чүй менен Таластын эмгекчилери бизди кубантууда. Эки чоң кант заводубуз түшүмдү кабыл алууда күнү-түнү тынымсыз иштеп, кызылчачыларыбыздын түйшүгүн жакшы баалап жатышат. Эгер буюрса, 900 миң тонна кызылча өндүрө алсак, анда биз кумшекер боюнча дагы көз карандысыздыкка жетишебиз. Мал багууну жайлоолордо гана жүргүзбөстөн, колго алып дагы бордоп баксак, анда биз элибизди эт менен дагы камсыз кылып, анын баасын төмөндөтсөк жарашат эле. Бул жагынан тоок фермалардын дагы күжүрмөндүү иштеши абзел. Андай болсо, биз жумуртка боюнча дагы алдыңкы көрсөтүчтөргө жетишибиз мүмкүн.

-- Кайра иштетүү жагы аксап аткан жокпу? Жер-жемиштер, өсүмдүк майлары...

-- Ошентип, дагы эки азык-түлүк боюнча алдыга умтулуу биздин келечектеги милдетибиз катары эсептелет. Өсүмдүк майы менен өзүбүздү өзүбүз камсыз кылуу үчүн бизде тийешелүү өсүмдүктөрүбүз бар. Алар: күнкарама, пахта майы, сафлор, зыгыр, соя, рапс. Аларды өстүрүүдө тажрыйбабыз деле жетишет. Кеп, май өсүмдүктөрүн жетиштүү өлчөмдө себүүдө, аларды жакшы сугарып жана семиртип, алынган түшүмдү толугу менен кайра иштетүүдө турат. Эми тогузунчу азык-түлүгүбүз болуп, жер-жемиштер эсептелет (алма, алмурут, өрүк, малина, кулпунай, карагат). Бул баалуу өсүмдүктөр боюнча быйыл деле мол түшүм алынып, жерге батпай калды. Тилекке каршы, аларды сатуу, кургатуу, варенье жана шире жасоо, ошондой эле кайра иштетүү ишканаларынын жоктугунан алынган түшүмдүн жарымына жакыны жараксыз абалда калды. Ушундай кечирилгис кемчиликтерди колго алсак эле, биз өзүбүздү жер-жемиштер менен дагы камсыз кыла алабыз.

-- Эмне үчүн быйылкы жылы түшүм мол болду?

-- Бул суроонун эки жообу бар. Биринчиден, жыл жакшы, суу кенен болду. Экинчи негизги себеби, бул – айыл чарба өндүрүшүн алдыңкы ыкмалар менен башкаруу жана уюштуруу. Муну биз, адистер жана илимпоздор көп жылдан бери эле айтып, тилибиз тешилип келген. Бул сунуштун маңызы – айыл чарба министринин укугун күчөтүп, аны бир эле учурда өкмөт башчысынын орун басары кызматына коюуда болчу. Мындай жагдайда бюрократия жоюлуп, орчундуу маселелер тез арада жана өз учурунда чечиле баштады. Натыйжада, иш тездеп, айыл чарбасы алдыга жылууда.

-- Көрсөткүч сандар, реформа?..

-- Жалпы өлкөбүздө дагы президентибиз бир эле учурда мамлекетти жана өкмөттү чогуу башкарганда ишибиз таш жарып, улуттук кирешебиздин жылдык көлөмү 1 триллион сомдон ашып кетти. Экономикадагы чыныгы реформа катары мына ушуну айтсак жарашат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер