Акыркы кабарлар
» Саясат » Карыса да мансап кумарына тойбогон Токтокүчүк Мамытовдун далалаты
Карыса да мансап кумарына тойбогон Токтокүчүк Мамытовдун далалаты
21-октябрь, 18:08
964 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Акыйкатчылык ишинен депутаттык мандатты жогору койгон Токтокүчүк Мамытов “Бүтүн Кыргызстан” партиясын тандап, парламенттик шайлоого баратат. Кайсы бийлик болсо да жогорку кызматтардан түшпөгөн, дайыма ээрге жармаша калган “каарманыбыз” бул сапар элдин колдоосуна ээ болобу? Же көпчүлүк тажап деле калдыбы? Айтор, Мамытов карыса да мансапка тойбогону, толгонгону эле кресло экени жашыруун эмес. Эми тели-теңтуштарынан, туугандарынан добуш алууга жардам сурап, ийменчээк адамдай көрүнүүдө. Азыркы шайлоодо партиялык тизмедеги талапкерлерге добуш берет эмеспи. Токон аксакалдан “толк” чыкпай калбайбы?
"Азия Ньюс" гезити